Вакансия «Филиалдын кассири»

«Азия Банкы» ЖАК

Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Милдеттери:
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КР УБ) кассалык операциялар боюнча нормативдик-укуктук актыларына ылайык талаптарды аткаруу;
Улуттук жана чет өлкө валюталарындагы акча каражаттарын кабыл алуу, эсепке алуу, берүү жана сактоо боюнча операцияларды, алардын сакталышын камсыз кылуучу эрежелерди милдеттүү түрдө сактоо менен жүргүзүү;
Нормативдик-усулдук документтерге ылайык улуттук жана чет өлкө валюталарындагы накталай акчанын аныктыгын жана төлөмгө жарамдуулугун аныктоо;
Кардарга кассалык чек жана (талап кылынган учурда) маалымкат-сертификат берүү менен чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды жүргүзүү;
Банктын жетекчилигинин башка тапшырмаларын аткаруу. 
Талаптар:
Жогорку же орто кесиптик-техникалык билим;
Каржы-банк тармагында кеминде 1 жылдык иш тажрыйбасы;
Банктын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзам актыларын, нормативдик жана нускоочу документтерди билүү;
«Төлөм каражаттарынын аныктыгын аныктоо» сертификатынын болушу;
Кыргыз жана орус тилдерин билүү. 
Шарттар:
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жумушка орноштуруу. 

Резюме төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
(каалаган кызмат ордун көрсөтүү менен).
Байланыш маалыматтары: +996555335505
Маалымат жаңыртылды: 13:21, 22.12.2025
37