Вакансия «Иш башкармалыгынын башкы адиси»
ОАО «Айыл Банк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Кадрлар бөлүмүнүн Иш башкармалыгынын башкы адисинин кызмат ордуна ички сынак жарыялайт:
Талапкерге коюлган квалификациялык талаптар:
- Билим деңгээли: Экономикалык жогорку билим;
- Банк же финансы мекемелеринде үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Банк ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Банктын ички жол-жоболорун жана ченемдик укуктук актыларын билүү.
- Аналитикалык жана пландоо жөндөмүнө ээ.
- MS Office'тин негизги куралдарын (Excel, Word) жетиштүү деңгээлде билүү жана жумуш үчүн зарыл болгон башка техникалык куралдарды жана атайын программаларды жетиштүү деңгээлде билүү менен компүтерди билүү.
Кызматтык милдеттер:
- Ислам каржылоосу ченемдерин жана жаңы өнүмдөрдү иштеп чыгууга, ошондой эле жаңы өнүмдөрдү сыноого, пилоттук иштетүүгө жана ишке киргизүүгө катышуу;
- Мурабаха жана карт эсеби боюнча операцияларды өз убагында жана так эсепке алууну камсыз кылууга көзөмөл жүргүзүү;
- Сапаттык жана сандык критерийлердин негизинде Банктын каржылоо портфелинин тиешелүү классификациясын камсыз кылуу үчүн филиалдын ишин көзөмөлдөө;
- Банктын ички жол-жоболоруна ылайык каржылоо портфелин классификациялоо боюнча сунуштарды берүү;
- Банктын филиалдарынын кызматкерлерине административдик маселелер боюнча консультацияларды берүү;
- Башкармалыктын иш-аракеттери боюнча ички жана тышкы отчетторду даярдоо жана түзүү;
Резюмеңизди кызматкерлердин электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот:
- Бапа уулу Санжар [email protected],
- Касымбек уулу Кубанычбек [email protected]
"Ислам терезеси бөлүмүнүн бош кызмат орду үчүн" темасы менен.
Маалымат жаңыртылды: 12:39, 19.11.2025
246