«Кепилдик фонду» ААКсы 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан күрөө жетишсиз болгон учурда кепилдик инструменттерин колдонуу менен каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу аркылуу ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо институту катары түзүлгөн. «Кепилдик фонду» ААКсынын максаты - берилген кепилдиктердин санын жана көлөмүн көбөйтүү, жаңы кепилдик инструменттерин жана продуктыларын киргизүү, өнөктөштөрдүн санын кеңейтүү, кошумча капиталдык инвестицияларды тартуу жана ишкерлерди колдоонун башка түрлөрүн уюштуруу аркылуу бизнеске кепилдик колдоо көрсөтүү.










