Вакансия «Башкармалыктын катчысы»
Закрытое акционерное общество «Асман Банк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Биз банктын Башкармалыгынын ишин натыйжалуу уюштурууну жана анын ишмердүүлүгүн коштоону камсыздай турган уюшкан жана кылдат мамиле жасаган Башкармалыктын катчысын издейбиз.
Сиздин ролуңуз — жыйындарды даярдоону координациялоо, протоколдорду жүргүзүү, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жана документ жүгүртүү процессин сапаттуу камсыз кылуу. Бул — чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей алган, купуялуулукту сактаган жана ишкердик байланыштын жогорку деңгээлин колдогон адис үчүн ылайыктуу кызмат орду.
Сиздин ролуңуз — жыйындарды даярдоону координациялоо, протоколдорду жүргүзүү, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жана документ жүгүртүү процессин сапаттуу камсыз кылуу. Бул — чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей алган, купуялуулукту сактаган жана ишкердик байланыштын жогорку деңгээлин колдогон адис үчүн ылайыктуу кызмат орду.
Сиздин негизги милдеттериңиз:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, Банктын Уставына, Башкармалык жөнүндө жобого жана Банктын башка ички ченемдик документтерине ылайык Башкармалыктын ишин камсыз кылуу;
- Башкармалыктын Төрагасы менен биргеликте Башкармалыктын ишин пландаштыруу;
- Башкармалыктын жыйындарынын күн тартибиндеги маселелер боюнча материалдарды даярдоо жана Башкармалыктын мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга алдыдагы жыйындар тууралуу өз убагында маалымдоо;
- Башкармалыктын жыйындарынын протоколдорун (стенографиялык отчетторун) жүргүзүү;
- Башкармалыктын буйруктарын, протоколдорун жана чечимдерин даярдоо, тариздөө жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;
- Башкармалыктын мүчөлөрүнүн жолугушууларын, кеңешмелерин жана иш сапарларын пландаштыруу жана координациялоо;
- Иш кагаздарын жүргүзүү: кирүүчү жана чыгышы корреспонденцияны каттоо, документтерди системалаштыруу, архивдерди түзүү;
- Башкармалыктын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан өз убагында берилүүсүн көзөмөлдөө.
Талаптар:
- Жогорку юридикалык билим;
- Адистиги боюнча кеминде 3 жылдык иш тажрыйба, анын ичинде каржы-кредиттик уюмдарда кеминде 1 жылдык тажрыйба;
- Кыргыз, орус жана англис тилдерин эркин билүү;
- Кыргыз Республикасынын каржы-кредиттик уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдарынын негиздерин, анын ичинде корпоративдик башкаруу жаатындагы мыйзамдарды билүү;
- Иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана документ жүгүртүүнү уюштуруунун негиздерин, эрежелерин жана стандарттарын, корпоративдик документтерди (протоколдор, чечимдер ж.б.) тариздөөнү билүү;
- Купуя маалымат менен иштөө жөндөмү;
- Ишкердик коммуникация көндүмдөрү — оозеки жана жазуу жүзүндө, анын ичинде расмий каттарды, суроо-талаптарды жана отчетторду түзүү;
- Уюшкандык жана майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруу;
- Жоопкерчилик жана аткаруучулук;
- Жетекчилик жана кесиптештер менен баарлашууда сылыктык жана дипломатиялуулук.
Шарттар:
- Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы;
- Окутуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү;
- Карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү;
- Достук мамиледеги жамаат жана жайлуу иш чөйрөсү.
Маалымат жаңыртылды: 05:51, 24.03.2026
19