Вакансия «Төлөмдөр бөлүмүнүн башкы адиси»

Закрытое акционерное общество «Асман Банк»

Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Биз банктын төлөм операцияларын так жана өз убагында жүргүзүүнү камсыздай турган кылдат жана компетенттүү Төлөмдөр бөлүмүнүн адисин издейбиз.
Сиздин негизги милдетиңиз — төлөмдөрдүн тууралыгын көзөмөлдөө, ички түзүмдүк бөлүмдөр жана төлөм системалары менен өз ара иш алып баруу, ошондой эле операциялык ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу. Сиз банктын каржылык агымдарынын үзгүлтүксүз жүрүшүн жана заманбап төлөм кызматтарынын өнүгүшүн камсыздаган команданын бир бөлүгү болосуз. 

Сиздин негизги милдеттериңиз: 
  •  ГСРРВ жана СПК аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу жана жөнөтүүнү жүзөгө ашыруу; 
  •  SWIFT системасында SWIFT билдирүүлөрүн терүү боюнча оператордун/верификатордун функцияларын аткаруу. ISO 20022 стандартына ылайык тиешелүү чыгыш SWIFT билдирүүлөрүн түзүү; 
  •  Эл аралык эсептешүүлөрдү оптималдаштыруу жана Банктын чыгымдарын азайтуу максатында банктар аралык жана кардардык которууларды маршрутизациялоо; 
  •  РБОнун тиешелүү бөлүмдөрү боюнча отчетторду (күнүмдүк, жумалык жана айлык) даярдоо жана белгиленген мөөнөттө берүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы талап кылган формаларга ылайык отчеттуулукту, Банктын жетекчилиги үчүн отчетторду, ички жана тышкы аудит үчүн отчетторду даярдоо; 
  •  Эл аралык акча которуу системалары менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү (Золотая Корона, Western Union, MoneyGram, UPT, Астрасенд ж.б.); 
  •  Төлөм процесстерин автоматташтыруу жана оптималдаштыруу боюнча долбоорлорго катышуу; 
  •  Архивге өткөрүп берүү үчүн документтерди түзүү жана даярдоо. 

Талаптар:
  •  Жогорку экономикалык билим (бакалавр/адис даражасы); 
  •  Банк тармагында кеминде 5 жылдык иш тажрыйба, анын ичинде төлөмдөр, эсептешүүлөр жана корреспонденттик мамилелер жаатында кеминде 3 жылдык тажрыйба; 
  •  Англис тилин билүү (банктык корреспонденцияны окуу деңгээлинде, эл аралык которуулар жана SWIFT билдирүүлөрү менен иштөө үчүн); 
  •  ГСРРВ, СПК, SWIFT, Клиент-Банк системаларында ишенимдүү иштөө көндүмдөрү; 
  •  SWIFT ISO 20022 стандарттарын билүү жана практикада колдонуу; 
  •  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларын, банктар аралык эсептешүүлөрдүн эрежелерин жана валюталык мыйзамдарды билүү; 
  •  Төлөм документтерин түзүү, иштеп чыгуу жана текшерүү боюнча тажрыйба; 
  •  Банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, контрагенттер жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен ишкердик байланыш жүргүзүү көндүмдөрү; 
  •  Жоопкерчилик, жогорку деңгээлдеги кылдаттык, чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүү. 

Шарттар:
  •  Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы; 
  •  Окутуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү;
 
Маалымат жаңыртылды: 05:55, 24.03.2026
19