Вакансия «Кассанын башчысы»
Закрытое акционерное общество «Асман Банк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Биз банктын кассалык операцияларынын ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыздай турган жоопкерчиликтүү Кассанын башчысын издейбиз.
Эгер сиз майда-чүйдөсүнө кылдат болуп, кассалык бөлүмдүн ишин натыйжалуу уюштура билсеңиз жана заманбап Банктын командасынын бир бөлүгү болууга даяр болсоңуз — сизди биздин катардан көрүүгө кубанычтабыз.
Эгер сиз майда-чүйдөсүнө кылдат болуп, кассалык бөлүмдүн ишин натыйжалуу уюштура билсеңиз жана заманбап Банктын командасынын бир бөлүгү болууга даяр болсоңуз — сизди биздин катардан көрүүгө кубанычтабыз.
Сиздин негизги милдеттериңиз:
- Банктын кардарларын кассалык тейлөөдө сапаттуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу;
- Кассанын кызматкерлери тарабынан банктык мыйзамдарды жана Банктын ички ченемдик документтерин так сактоону камсыз кылуу;
- Кардарларды тейлөө, эсептерден каражат алуу жана кошуу, банкноттарды алмаштыруу жана айырбаштоо боюнча консультация берүү;
- Туура таризделген кассалык документтерди кабыл алуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- Кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү;
- Кассалык тартипке ылайык иш алып баруу;
- Кассалык лимиттерди сактоо, ашыкча каражаттарды өз убагында тапшыруу жана кассаны толуктоо;
- Кассалык документтерди түзүү, сактоо жана Банктын архивине өткөрүү.
Талаптар:
- Жогорку билим (экономика жана финансы тармагында болгону артыкчылык);
- Көз карандысыз окуу борборунун «Төлөм каражаттарынын түп нускасын аныктоо» боюнча 1- жана 2-деңгээлдеги сертификатынын болушу;
- Каржы-кредиттик мекемелерде кассада кеминде 5 жылдык тажрыйба, анын ичинде кассанын башчысы катары кеминде 2 жыл;
- Кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү;
- Акча каражаттары менен иштей билүү;
- Кассирлердин ишин натыйжалуу уюштура билүү;
- Кассалык документтердин бар-жогун жана туура таризделишин натыйжалуу көзөмөлдөө;
- Кассалык операцияларга байланыштуу ченемдик актыларды, ички регламенттерди жана банктын нускамаларын билүү жана сактоо;
- Акча каражаттарын көзөмөлдөө боюнча мыйзамдарды сактоо, анын ичинде акчаны адалдоого каршы аракеттенүү (AML);
- Кассалык операцияларды талдоо, мүмкүн болгон каталарды же алдамчылыкты аныктоо;
- Чынчылдык, ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик;
- Уюштуруучулук жана лидерлик сапаттар, тапшырмаларды бөлүштүрүү, аткарылышын көзөмөлдөө жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөндөмү;
- Коммуникабельдүүлүк (кардарлар, кесиптештер жана жетекчилик менен натыйжалуу баарлашуу);
- Кассалык операцияларды эсепке алуу жана акча каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөө боюнча банктык программаларды билүү;
- Отчеттуулукту жүргүзүү жана маалыматтарды талдоо программалары менен иштей билүү.
Шарттар:
- Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы;
- Достук мамиледеги жамаат жана жайлуу иш чөйрөсү.
Маалымат жаңыртылды: 06:03, 24.03.2026
18