Вакансия «Кардарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы»
Закрытое акционерное общество «Асман Банк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Биз жаңы Банктын операциялык блокун жетектеп, кардарларга сапаттуу тейлөөнү камсыздоодо негизги фигура боло турган лидерди издейбиз.
Эгер сиз мыкты кардардык тажрыйба түзүп, команданы ийгиликке жетелөөгө даяр болсоңуз — сизди биздин Банктын лидерлери катарында көрүүгө кубанычтабыз.
Эгер сиз мыкты кардардык тажрыйба түзүп, команданы ийгиликке жетелөөгө даяр болсоңуз — сизди биздин Банктын лидерлери катарында көрүүгө кубанычтабыз.
Сиздин негизги милдеттериңиз:
- Операциялык блокту башкаруу, координациялоо жана уюштуруу;
- Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан банктык мыйзамдарды жана Банктын ички ченемдик документтерин сактоону камсыз кылуу;
- Банктын кардарларын сапаттуу жана натыйжалуу тейлөө процессин уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын суроолоруна жана/же башка талаптарына ылайык аналитикалык отчетторду даярдоо;
- Нормативдик документтерди түзүү, редакциялоо жана актуалдуулугун сактоо;
- Банктын продуктулары жана кызматтарын өнүктүрүү жаатында программисттер, аналитиктер жана башка адистер менен өз ара иштешүү.
Талаптар:
- Жогорку билим (экономика жана финансы тармагында болгону артыкчылык);
- Кардарлар менен иштөөгө кеминде 5 жылдык тажрыйба, анын ичинде жетекчилик кызматта кеминде 3 жыл;
- Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү, англис тилин В2 деңгээлинен жогору билүү;
- Банктын операциялык бөлүмүнүн ишин уюштуруу жана башкаруу боюнча билим;
- Ички нормативдик документтерди (ВНД) түзүү жана колдонуу методологиясын билүү;
- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик актыларын жана ВНДни билүү;
- Банктын продуктулары жана процесстери боюнча билим;
- Жогорку деңгээлдеги кардардык тейлөө жана сервис стандарттарын түшүнүү;
- Кардарларды тейлөөнүн негизги эрежелери жана принциптерин билүү, анын ичинде дистанциялык тейлөө, аманат эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу, кассалык иш, пластикалык карталар менен иштөө, эл аралык жана жергиликтүү акча которуу системалары менен иштөө;
- Уюштуруучулук жана лидерлик сапаттар, аналитикалык ой жүгүртүүсү жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөндөмү;
- Натыйжалуу ишкердик коммуникация (оозеки жана жазуу жүзүндө);
- Кардарлар менен байланышка керектүү деңгээлде англис тилин билүү.
Шарттар:
- Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы;
- Окутуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү;
- Достук мамиледеги жамаат жана жайлуу иш чөйрөсү.
Маалымат жаңыртылды: 06:05, 24.03.2026
27