Сиз үчүн эң башкысы — жогорку пайыздык чен болуп, депозиттин башка шарттары мааниге ээ эмеспи? 2025-жылы кайсы депозит пайдалуу, кайсы банк жакшы, эң жогорку пайыздык чен кайда деп издеп жатасызбы?
Анда «Банк Азияда» жооп бар! Эң жогорку пайыздык чен сунушталган депозиттердин катарында биздин «Азия-Онлайн» деп аталган депозитибиз бар.
Анын өзгөчөлүгү эмнеде? Кардарлар, биринчи кезекте, эң жогорку пайыздык чендердин бирин гана эмес, депозитти тариздөөнүн ыңгайлуулугун да баалашат: депозитти банк бөлүмүнө барбастан, онлайн ачууга болот. Бул убактыңызды үнөмдөйт жана депозитти каалаган ыңгайлуу убакта ачууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, депозит төрт валютанын биринде жеткиликтүү (сом, доллар, евро жана рубль). Бул чет элдик валютада киреше алган адамдар үчүн өзгөчө ыңгайлуу: алмашуу курсу жөнүндө ойлонуунун же өзүнчө депозит ачуунун кереги жок.
Дагы бир ыңгайлуу жагы — пайыздар ай сайын эсептелип жана төлөнүп турат. Бул туруктуу кошумча киреше алып келип, каржылык максаттарды алдын ала пландаштырууга жардам берет. Ошол эле учурда банкка баруунун зарылдыгы жок: арыз тариздөө жетиштүү, пайыздар сиздин картаңызга (Visa же «Элкарт») которулат.
Белгилей кетүүчү нерсе, пайыздардын ай сайын төлөнүшү капиталдаштырууну карабайт. Ошондой эле «Азия-Онлайн» депозитинде мөөнөт ичинде кошумча каражат салуу жана акчанын бир бөлүгүн алуу мүмкүн эмес.
Мөөнөтүнөн мурда бузуу мүмкүн, бирок төмөнкү шарттар менен:
— эгер 6 айдан ашык убакыт өтсө — эсептелген пайыздардын 50% төлөнөт;
— эгер 6 айга жетпесе — пайыздар төлөнбөйт.
Депозиттин мөөнөтү — 36 айга чейин. Ошол эле учурда автоматтык түрдө узартуу каралган эмес, ошондуктан депозиттин мөөнөтү аяктаган күндү өз алдынча көзөмөлдөө маанилүү.
«Банк Азиядан» депозит ачууга шашылыңыз — анын ишенимдүүлүгү жылдар менен текшерилген, ал эми каражаттарыңыздын сакталышы КРнын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан кепилденет (1 миллион сомго чейин). Банкта жеке жактарга да, юридикалык жактарга да ылайыктуу депозиттердин кеңири түрү сунушталган.
Мөөнөтү: 36 айга чейин
Минималдуу сумма:
- 5 000 KGS
- 100 USD
- 100 EUR
- 5 000 RUB
- Ай сайын эсептелет жана төлөнөт
- Арыздын негизинде картага которулат
- Капиталдаштыруу каралган эмес
- 6 айдан ашык — пайыздардын 50% төлөнөт
- 6 айга жетпесе — пайыздар 0%