Вакансия «PR- специалист»

«Азия Банкы» ЖАК

Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Милдеттери: 
  • Банктын коммуникациялык стратегиясын иштеп чыгуу;
  • ЖМК өкүлдөрү менен расмий жана бейрасмий ишкердик байланыштарды түзүү жана колдоо;
  • Банктын негизги ишмердүүлүк багыттары, окуялары жана жаңы продуктылары боюнча корпоративдик пресс-материалдарды, макалаларды, инфографикаларды, пресс-релиздерди ж.б. даярдоону жана жайылтууну уюштуруу жана көзөмөлдөө;
  • Жарнаманы жайгаштыруу үчүн натыйжалуу булактарды аныктоо (ЖМК, жарнама агенттиктери, жарнама алып жүрүүчүлөр ж.б.), Банктын кардарлар базасын көбөйтүү максатында жарнамалык кампанияларды жана PR-акцияларды уюштуруу;
  • ЖМКда, интернетте, түз почта таратууларында жана башка каналдарда жарнамалык кампаниялардын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө;
  • Корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча иштерди уюштуруу.

Талаптар:
  • Билим деңгээли: жогорку экономикалык билим, менеджмент же журналистика багытында;
  • Иш тажрыйбасы: жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес; маркетинг жана PR тармагында 2 жылдан кем эмес;
  • Маркетинг, PR, илгерилетүү жана жарнама тармагында иш тажрыйбасы;
  • ЖМК, коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдар менен коммуникация түзүү тажрыйбасы;
  • Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана коом алдында сөз сүйлөө көндүмдөрү;
  • Жарнамалык кампанияларды, акцияларды жана коомдук мааниге ээ иш-чараларды өткөрүү, банктык продуктыларды илгерилетүүнү уюштуруу көндүмдөрү;
  • Аналитикалык жана коммуникациялык көндүмдөргө ээ болуу;
  • Уюштуруучулук өнүгүү жаатында билим, билгичтик жана көндүмдөргө ээ болуу;
  • Уюштуруучулук жөндөмдөр, адамдар менен иштей билүү, коммуникабелдүүлүк, демилгелүүлүк жана жоопкерчилик.

Шарттар:
  • Расмий ишке орношуу;
  • Иш графиги 5/2, саат 08:30дан 17:30га чейин;
  • Кызыктуу милдеттер жана өнүгүү мүмкүнчүлүгү;
  • Эмгек акы маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча.
Маалымат жаңыртылды: 04:03, 24.02.2026
30