Вакансия «Котормочу (Методология бөлүмү)»
«Азия Банкы» ЖАК
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Милдеттери
- Ички ченемдик документтерди, материалдарды жана башка маалыматтарды орус тилинен кыргыз тилине жана тескерисинче жазуу жүзүндө которуу.
- Банктык, каржылык жана юридикалык терминологиянын тактыгын жана бирдей колдонулушун камсыз кылуу.
- Банктын ички ченемдик документтерин которууга жана жаңыртууга катышуу.
- Котормолорду лингвистикалык жана стилистикалык жактан текшерүү.
- Методология бөлүмүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу.
Талаптар
- Жогорку адистештирилген билим (филология, лингвистика, котормо иши ж.б.).
- Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү.
- Котормочу катары кеминде 2 жыл иш тажрыйбасы.
- Банктык, каржылык жана юридикалык терминологияны билүү.
- Расмий, ченемдик жана ишкердик документтерди которуу тажрыйбасы.
- Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдоно билүү.
- Сабаттуулук, майда-чүйдөсүнө көңүл буруу, жоопкерчилик жана мөөнөттөрдү сактоо жөндөмү.
- Банктын ички ченемдик документтери менен иштөө тажрыйбасы артыкчылык болуп эсептелет.
Шарттар
- КР Эмгек кодексине ылайык расмий жумушка орноштуруу.
- Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы.
- Кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү.
- Иш графиги 5/2.
- Туруктуу жана өнүгүп жаткан Банкте иштөө.
Маалымат жаңыртылды: 04:46, 26.06.2026
65