Вакансия «Пландаштыруу жана талдоо бөлүмүнүн башчысы»

«Азия Банкы» ЖАК

Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Талаптар:
Билим деңгээли: жогорку экономикалык билим. 
Иш тажрыйбасы: 
  •  жалпы иш стажы кеминде 5 жыл; 
  •  банк тармагында же каржылык институттарда кеминде 3 жыл иш тажрыйбасы. 

Кошумча квалификациялык талаптар: 
  •  Эл аралык каржылык отчеттуулук стандарттарын (МСФО) билүү; 
  •  банк мыйзамдарын жана КР Улуттук банкынын ченемдик актыларын билүү; 
  •  банктагы экономикалык, каржылык талдоо жана бухгалтердик эсеп боюнча ички жоболорду жана нускамаларды билүү; 
  •  англис тилин билүү; 
  •  аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмү; 
  •  уюштуруучулук жөндөмдөр жана коммуникабелдүүлүк; 
  •  программалык комплекстерди колдоно билүү; 
  •  Excel программасында базалар менен иштей билүү. 
 
Милдеттери:
  •  ОПиА бөлүмүнүн кызматкерлеринин ички ченемдик документтерди жана кызматтык нускамаларды сактоосун көзөмөлдөө; 
  •  бөлүмдүн ишин уюштуруу, башкаруу жана коюлган милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөө; 
  •  банкта бизнес-пландоо процессин уюштуруу жана координациялоо; 
  •  консолидацияланган бюджетти иштеп чыгууга катышуу жана аны аткарылышын ай сайын көзөмөлдөө; 
  •  тышкы чөйрөнү, банктын ишмердүүлүгүнө комплексдүү экономикалык жана каржылык талдоо жүргүзүү; 
  •  банктын жана анын бөлүмдөрүнүн негизги каржылык көрсөткүчтөрүн талдоо, ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жана каржылык жыйынтыктарын баалоо; 
  •  жетекчилик жана кызыкдар тараптар үчүн аналитикалык отчетторду даярдоо; 
  •  тендерлерди уюштурууну, арыздарды даярдоону жана банктык тобокелдиктерди жана активдерди камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полистерин түзүүнү көзөмөлдөө; 
  •  банктык тобокелдиктерди жана активдерди камсыздандыруу үчүн өз убагында полис түзүү максатында тиешелүү иштерди (тендер уюштуруу, арыз толтуруу ж.б.) көзөмөлдөө; камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандыруу компаниясына арыз даярдоо; 
  •  камсыздандыруу жаатындагы мыкты тажрыйбаларды изилдөө, талдоо жана банк ишмердүүлүгүнө киргизүү; 
  •  Директорлор кеңешинин жана акционерлердин жалпы жыйынынын отурумдары үчүн керектүү материалдарды даярдоого катышуу; 
  •  автоматташтырылган талдоо жана божомолдоо инструменттерин киргизүү.
 
Маалымат жаңыртылды: 04:52, 26.06.2026
36