Вакансия «Кредиттөө боюнча адис»
ААК Банк «Бай-Тушум»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Негизги милдеттер:
- Потенциалдуу кардарларды тартуу жана тандоо максатында маркетингдик иш-чараларга катышуу жана өткөрүү;
- Потенциалдуу кардарларга насыя алуунун мүмкүн болгон варианттары боюнча кеңеш берүү жана Банктын эң ылайыктуу кредиттик продуктусун тандоого жардам берүү;
- Кредиттин суммасын жана аны төлөө графигин эсептөө;
- Насыя алуу боюнча арыздарды кабыл алуу;
- Банктын талаптарына ылайык документтердин топтомун чогултуу жана текшерүү;
- Кардардын жашаган жерине жана иш жүргүзгөн жайына баруу, ошондой эле кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн так баалоо үчүн финансылык-экономикалык анализ жүргүзүү;
- Потенциалдуу карыз алуучуну баалоо, кредитти кайтарбай калуу тобокелдигин аныктоо жана тиешелүү рейтинг берүү;
- Кредиттик комитеттин тиешелүү деңгээлине кароо үчүн кардардын финансылык резюмесин/долбоорун даярдоо;
- Кепилдик катары Банкка берилген документтерди изилдөө жана юридикалык бөлүм менен макулдашуу;
- Кепилдик объекттерин баалоо, кепилди баалоо актысын даярдоо жана кепилдик бөлүмү менен макулдашуу;
- Кардардын арызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн материалдарды Банктын Кредиттик комитетинин тиешелүү деңгээлине алып чыгуу;
- Кардардын досьесин кредиттик операцияларды коштоп жүрүү бөлүмүнө өткөрүп берүү (кредиттик жана камсыздоо документтерин даярдоо жана насыя берүү үчүн);
- Иштеп жаткан кредиттерге мониторинг жүргүзүү жана кредиттик портфелдин сапатын камсыз кылуу;
- Кардарлардан кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү боюнча түшкөн арыздарды кароо жана Кредиттик комитетке кызматтык каттарды даярдоо;
- Бөлүм жетекчисинин талабы боюнча керектүү отчетторду даярдоо;
- Мөөнөтү өтүп кеткен жана көйгөйлүү кредиттер менен бөлүмдүн/филиалдын жетекчиси менен биргеликте иштөө, тиешелүү Комитетке кызматтык жана баяндама каттарды даярдоо (УРПК кызматкерлеринин талабы боюнча да);
- Банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташуу;
- Банктын корпоративдик кардарлары жана өнөктөштөрү менен иштөө;
- Кызматка байланыштуу жетекчилик тарабынан берилген башка тапшырмаларды аткаруу.
Квалификациялык талаптар:
Каржы-банк тармагында адистик боюнча кеминде 1 жыл иш тажрыйбасы, анын ичинде кредиттөө жаатында кеминде 3 ай;
КРда банктык жана каржылык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу банк мыйзамдарын, нормативдик-укуктук актыларды жана нускамаларды билүү;
Банктын ички нормативдик документтерин билүү;
Логикалык ой жүгүртүү жана кардардын ишенимдүүлүгүн баалай билүү;
Чечим кабыл алып, ал үчүн жоопкерчилик тартуу жөндөмү;
Кыргыз жана орус тилдерин билүү — милдеттүү;
Офистик программаларды билүү;
Байланыш түзө билүү, сылыктык, жоопкерчилик, банктык принциптерге берилгендик, адамдар менен иштөөгө болгон каалоо, эмоциялык туруктуулук.
Каржы-банк тармагында адистик боюнча кеминде 1 жыл иш тажрыйбасы, анын ичинде кредиттөө жаатында кеминде 3 ай;
КРда банктык жана каржылык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу банк мыйзамдарын, нормативдик-укуктук актыларды жана нускамаларды билүү;
Банктын ички нормативдик документтерин билүү;
Логикалык ой жүгүртүү жана кардардын ишенимдүүлүгүн баалай билүү;
Чечим кабыл алып, ал үчүн жоопкерчилик тартуу жөндөмү;
Кыргыз жана орус тилдерин билүү — милдеттүү;
Офистик программаларды билүү;
Байланыш түзө билүү, сылыктык, жоопкерчилик, банктык принциптерге берилгендик, адамдар менен иштөөгө болгон каалоо, эмоциялык туруктуулук.
Биз сунуштайбыз:
Талапкердин тажрыйбасына жараша атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы;
КР Эмгек кодексине ылайык жумушка орноштуруу;
Колдоочу жана ачык жамаат;
Корпоративдик уюлдук байланыш;
Лоялдуу сыйлык (премия) системасы;
Кызматкерлер үчүн насыялар боюнча төмөндөтүлгөн пайыздык чендер;
Төлөнүүчү эс алуу күндөрү, өргүү, оорукана баракчалары жана декреттик төлөмдөр;
Банктын эсебинен окутуу жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүгү;
Мезгил-мезгили менен тимбилдингдер;
Корпоративдик спорттук иш-чараларга катышуу (футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат).
Эмгек акы талапкер менен маектешүүнүн жыйынтыгына жараша өзүнчө талкууланат.
Маалымат жаңыртылды: 04:32, 15.01.2026
47