Вакансия «Кредиттик адис»

ААК Банк «Бай-Тушум»

Аймак/Шаар
ш. Ош
Талапкерлерден күткөн талаптарыбыз:
Орто атайын/жогорку же бүтө элек жогорку билимдин болушу;
Кредиттөө тармагында кеминде 6 ай иш тажрыйбасынын болушу;
Аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмү;
Орус жана кыргыз тилдерин билүү;
Долбоорлорду каржылык талдоонун принциптери жана методологиясын билүү (ЕБРР стандарты);
Microsoft Office программалары менен иштөө көндүмдөрү (Word, Excel);
Банктын ишин жөнгө салуучу КР Улуттук банкынын (НБКР) мыйзамдык жана нормативдик актыларын, жоболорун жана нускамаларын билүү;
Жоопкерчилик, сабырдуулук, тактык, активдүүлүк, чынчылдык жана адептүүлүк;
Ой-пикирин жазуу жүзүндө жана оозеки так жана жеткиликтүү жеткирүү жөндөмү;
Максатка умтулуу, жеке натыйжалуулук, жыйынтыкка багытталуу, стресске туруктуулук, демилгелүүлүк жана өнүгүүгө умтулуу.

Аткарыла турган иштер:
Кардарларды тартуу жана кредиттөө шарттары боюнча кеңеш берүү;
Кредит алуу үчүн арыздарды кабыл алуу, иштетүү жана тиешелүү документтерди текшерүү;
Берилген каражаттарды карыз алуучулардын максаттуу пайдаланылышын мониторингдөө жана көзөмөлдөө, берилген кредиттерди коштоп жүрүү.

Биз сунуштайбыз:
КР Эмгек кодексине ылайык жумушка орноштуруу;
Атаандаштыкка жөндөмдүү айлык акы + бонус системасы;
Жумуш тартиби: жумасына 5 күн, саат 08:30дан 17:30га чейин;
Айлык маянанын айына 2 жолу туруктуу төлөнүшү;
Лоялдуу сыйлык (премия) системасы;
Корпоративдик уюлдук байланыш;
Банктын эсебинен окутуу мүмкүнчүлүгү;
Заманбап кеңсе;
Достук жана ынтымактуу жамаат;
Корпоративдик спорт (футбол, волейбол командалары, шахмат).

Резюме (кызмат ордун сөзсүз көрсөтүү менен) [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

Эң ылайыктуу талапкерлер маекке чакырылат. 
Маалымат жаңыртылды: 04:24, 15.01.2026
430