Вакансия «Тармактык администратор»
ААК «Элдик Банк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Элдик Банктын командасы төмөнкү кызмат ордуна талапкерлерди чакырат: Тармактык администратор
Биз сунуштайбыз:
- Кесиптик өнүгүү жана окуу мүмкүнчүлүктөрү;
- Достук жамаат жана ыңгайлуу эмгек шарттары;
- Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы;
- Расмий жумушка орноштуруу жана социалдык кепилдиктер.
Милдеттери:
- Корпоративдик тармакты (L2/L3) башкаруу жана колдоо;
- Тармактык жабдууларды (коммутаторлор, маршрутизаторлор) конфигурациялоо жана коштоо;
- Тармактын үзгүлтүксүз иштөөсүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- VPN, firewall жана тармактык коопсуздукту конфигурациялоо;
- Тармакты мониторинг жүргүзүү жана инциденттерге ыкчам чара көрүү;
- Тармактагы көйгөйлөрдү аныктоо жана жоюу;
- Тармак архитектурасын өнүктүрүү жана модернизациялоо иштерине катышуу;
- Техникалык документтерди жүргүзүү.
Талаптар:
- Тармактык технологиялар боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- OSI жана TCP/IP моделдерин түшүнүү;
- VLAN, STP, LACP технологияларын конфигурациялоо тажрыйбасы;
- Маршрутизация боюнча билим жана тажрыйба: Static, OSPF, BGP, NAT, ACL;
- Cisco / Huawei / HP жабдуулары менен иштөө тажрыйбасы;
- Firewall жана VPN (IPSec, SSL) боюнча тажрыйба;
- Мониторинг жүргүзүү куралдары (Zabbix же анын аналогдору) менен иштөө;
- Диагностика жүргүзүү куралдары (Wireshark, tcpdump) менен иштөө;
- Тармактык кызматтарды (DNS, DHCP, NTP) билүү.
Маалымат жаңыртылды: 07:30, 02.07.2026
21