Вакансия «Ички аудит кызматынын башкы аудиторү»
ААК «Евразиялык Сактык Банкы»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
ОАО «Евразиялык Сберегательный Банк» Ички аудит кызматынын башкы аудитору кызматына талапкер издөөнү жарыялайт.
Талаптар:
Ички аудит кызматынын башкы аудитору төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
- Экономика, каржы, маалыматтык технологиялар/маалыматтык коопсуздук жана аудит, бухгалтердик эсеп жана/же аудит багытында жогорку билимге ээ болуу;
- Банк, каржы системасында жана/же аудит жүргүзүү кызматтарында кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы болуу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан “Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо тууралуу жобо”нун 13 жана 14-пункттарында белгиленген минималдык талаптарга жооп берүү.
Милдеттери:
- Ички аудит кызматынын ишмердүүлүгүн пландаштырууга катышуу жана жылдык аудитордук пландын аткарылышына катышуу;
- Аудитордук тапшырмаларды жана аудит программаларын иштеп чыгуу;
- Банктын структуралык бөлүмдөрү жана/же бизнес-процестери, анын филиалдары боюнча пландалган жана пландан тышкаркы ички аудитти жүргүзүүгө катышуу, бекитилген аудитордук текшерүүлөрдүн тартиби жана Ички аудит кызматынын жобосуна ылайык;
- Аудитордук корутунду даярдоо үчүн бириктирилген маалыматтарды анализдөө;
- Шектүү операциялар жана уурдоо, пайдалануулардан келип чыккан банк зыяндары боюнча маалыматтарды талдоо;
- Аудитордук далилдерди туура документтештирүүнү камсыздоо, текшерүүлөрдүн натыйжасында аудитордук корутунду даярдоо, текшерүүдө аныкталган маанилүү фактылар жана кемчиликтерди камтуу, негиздүү сунуштарды иштеп чыгуу;
- Банктын ички контролдоо системаларынын, тобокелдик башкаруунун жана корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун баалоо;
- Банктын каржылык отчеттуулугу боюнча ички аудитти жүргүзгөн тышкы аудиторлордун отчет долбоорлорун караштырууга катышуу;
- Ички жана тышкы аудиттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча түзүлгөн сунуштардын, талаптардын аткарылышын Банктын структуралык бөлүмдөрү жана кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөө;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча иш-чаралар планынын долбоорун Башкармалыкка жана Директорлор Кеңешине сунуш кылуу;
- Аудит комитетине жана Директорлор Кеңешине маалыматтар/отчеттор даярдоо.
Маалымат жаңыртылды: 07:31, 16.02.2026
55