«Накопительный +» депозити — бул каражаттарды этап-этабы менен топтоону жана туруктуу киреше алууну каалаган кардарлар үчүн ыңгайлуу сактык продукту. Депозит эсепти эркин толуктоого мүмкүнчүлүк берип, келечек үчүн каржылык резерв түзүүгө жардам берет.
Продукт жөнөкөй жана ачык шарттары, ишенимдүүлүгү менен айырмаланып, кыска жана орто мөөнөттүү каржылык максаттарга жетүүгө багытталган.
Валюта: кыргыз сому / орус рублу
Салымдын мөөнөтү: 24 айга чейин
Жарым-жартылай алуу: каралган эмес
Капитализация: каралган эмес
Салымдын валютасы: сомдор, орус рублдери
Мөөнөтүнөн мурда бузуу: «Талап боюнча» салымынын шарттары менен
Толуктоо: бардык толуктоолордун жалпы максималдуу суммасы баштапкы салымдын суммасынан ашпоого тийиш; салымдын мөөнөтү аяктаганга 30 күн калганда толуктоо жүргүзүлбөйт
Пролонгация: каралган эмес
Сый акы төлөө: ай сайын
Банк жеке тарифтерди белгилөөгө укуктуу.