Вакансия «Сактык кассасынын башчысы»
ОАО «ФинансКредитБанк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Талаптар:
- Жогорку экономикалык же жогорку билим;
- Банк тармагында кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы;
- Персоналдык компьютер менен иштей билүү;
- Жоопкерчилик, ак ниеттүүлүк, адамдар менен тил табыша билүү, демилгелүүлүк сыяктуу сапаттарга ээ болуу.
Милдеттери:
- Банктын «Кардарды тааны» саясатына ылайык кардарды жана бенефициардык ээсин тиешелүү текшерүүдөн өткөрүү:
- Кардарды идентификациялоо жана верификациялоо;
- Кардардын ишкердик мамилелеринин максатын жана мүнөзүн аныктоо;
- Бенефициардык ээсин аныктоо жана аны текшерүү үчүн жеткиликтүү жана негиздүү чараларды көрүү;
- ФТД/ЛПД максатында колдонулуу коркунучу жогору болгон операцияларды аныктоо жана текшерүү;
- Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча Банктын саясатына ылайык Комплаенс-көзөмөл кызматы үчүн документтердин толук жана так пакетин өз убагында даярдоо;
- Кардардын ФТД/ЛПД боюнча тобокелдик деңгээлин аныктоо, алынган бардык маалыматтарды жана документтерди эске алуу менен кардардын анкетасына киргизүү (ишмердүүлүгүнүн түрүн, жайгашкан жерин, операцияларын, кызматтарын жана төлөм максатын эсепке алуу);
- Кардарларга каражаттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча консультация берүү жана Банктын кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде эсептешүү-кассалык тейлөөнүн шарттары менен тааныштыруу;
- Жаңы кардарларды тартуу иштерин уюштуруу жана ага жеке өзү катышуу;
- Кардарлардын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында маркетингдик сурамжылоолорду жүргүзүү;
- Эсеп ачпастан акча которууларды жөнөтүү жана төлөп берүү операцияларын жүргүзүү, аларды толук аяктоо жана Банктын программасында так чагылдыруу;
- «ФинансКредитБанк» ААКтын Сактык кассаларында кредит берүү тартибине ылайык кредиттерди берүү;
- Банктын филиалдары аралык ички которууларды жүргүзүү жана программалык камсыздоодо туура көрсөтүү;
- Төлөм документтериндеги, арыздардагы, чек жана ордерлердеги кол тамгалардын жана мөөрлөрдүн үлгүлөргө шайкештигин текшерүү;
- Кардарлардын төлөм документтерине ылайык Банктын программасында операцияларды жүргүзүү;
- Кардарлардын талабы боюнча Банктын толук реквизиттерин берүү жана алардын максатын түшүндүрүү;
- Банктык эсептерди жана депозиттик эсептерди ачуу жана тейлөө, пайыздарды эсептөө жана төлөө, кошумча салымдарды кабыл алуу, бөлүгүн берүү, жабуу жана кайра тариздөө (улуттук жана чет элдик валютада);
- Мультивалюталык эсептер боюнча документтерди кабыл алуу жана текшерүү;
- Чет элдик валютаны сатып алуу, сатуу жана конвертациялоо боюнча арыздарды жана төлөм документтерин кабыл алуу жана текшерүү;
- Жеке жана юридикалык жактардын кредиттери боюнча негизги сумма, пайыздар жана айып пулдарды төлөө операцияларын жүргүзүү;
- Карта-эсептерди ачуу жана тейлөө операцияларын аткаруу;
- Кардарлардын эсептериндеги каражаттар тууралуу маалымкаттарды даярдоо жана башка суроо-талаптарга жооп берүү;
- Банктын ички нормативдик документтерине ылайык эсеп көчүрмөлөрүн даярдоо жана берүү;
- Салык төлөмдөрүн кабыл алуу жана программалык камсыздоодо так чагылдыруу;
- Банктын Башкармалыгы тарабынан бекитилген «Кардарларды тейлөө стандарттарын» күнүмдүк иште билүү жана натыйжалуу колдонуу.
Маалымат жаңыртылды: 06:51, 16.02.2026
49