Вакансия «Кредит бөлүмүнүн адистери»

ОАО «ФинансКредитБанк»

Аймак/Шаар
Ош областы
Иштин түрү
Толук эмес
Талаптар: 
  • Билим деңгээли – жогорку же орто-атайын экономикалык/каржылык билим (Бишкек Финансы-Экономикалык техникуму);
  • Банк тармагында кеминде 6 айлык иш тажрыйбасы;
  • Компьютер жана кеңсе техникасын мыкты билүү, ишенимдүү колдонуучу деңгээлинде; MS Office пакетин билүү (Word, Excel ж.б.);
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, НБКРнын нормативдик-укуктук актыларын жана банк системасынын ишин жөнгө салган башка ченемдик жана методикалык материалдарды билүү;
  • Ишкердик каттарды түзүү жөндөмү.
 
Милдеттери: 
  • Кардарларга каражаттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча бардык түрдөгү консультацияларды берүү, алардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, жана Банктын кызматтарынын комплекси менен тааныштыруу, ошондой эле Банктын кредиттик программаларынын шарттарын түшүндүрүү;
  • Жеке жана юридикалык жактардан кредит алууга арыздарды каттоо үчүн керектүү документтердин толук пакетин кабыл алуу;
  • Кардардын кредит алуу боюнча арызында көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгын текшерүү, кардарды идентификациялоо аркылуу;
  • Карыз алуучунун кредиттик арызын талдоо, төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо, анын ичинде ишкердик жүргүзгөн жери жана жашаган жери боюнча текшерүү жүргүзүү;
  • Карыз алуучунун кредиттик досьесин туура түзүү;
  • Бардык зарыл кредиттик маалыматтарды Банктын тиешелүү программасына өз убагында, так жана толук киргизүү;
  • Жеке жана юридикалык жактардын кредиттери боюнча негизги сумма, пайыздар жана айып пулдарды төлөө операцияларына көмөк көрсөтүү;
  • Кредиттерди эсептен чыгаруу процедурасына керектүү документтерди даярдоого катышуу;
  • Кардарларды тартуу жана учурдагы кардарлар менен иштөө аркылуу кызматташтыкты натыйжалуу жүргүзүү;
  • Өзүнө бекитилген кредиттик портфелдин тобокелдик деңгээлин баалоо;
  • Кредиттердин максаттуу пайдаланылышын жана карыз алуучулардын каржылык абалын мониторинг кылуу;
  • Бөлүмдүн/филиалдын сунуштарын даярдоого катышуу: Банктын кредиттик программаларын өнүктүрүү жана жаңы продуктуларды иштеп чыгуу;
  • Кардардын ишмердүүлүгүн жана милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операцияларды идентификациялоо жана текшерүү, кардардын же анын операциясынын маалыматын текшерүү, бенефициардык ээсин аныктоо жана ФТД/ЛПДга (терроризмди каржылоо жана кылмыш кирешелерин адалдоо) каршы мыйзамга ылайык негизсиз же туура деген шектенүүлөрдү ырастоо/жокко чыгару;
  • Кардардын ФТД/ЛПД боюнча тобокелдик деңгээлин баалоо, кардарды жана анын бизнесин идентификациялоо жана бенефициардык ээсин аныктоо учурунда, анын ишмердүүлүгүнүн түрүн жана жайгашкан жерин (чыгыш тегин) эске алуу менен.
 
Маалымат жаңыртылды: 06:53, 16.02.2026
52