Вакансия «Киберкоопсуздук боюнча аналитик»
ЗАО «ФИНКА Банк»
Бөлүм: Маалыматтык коопсуздук бөлүмү
Жайгашкан жери: Шопокова көчөсү 93/2
Аймагы: Бишкек
Мөөнөтү: 03/06/2025 — 31/07/2025
Кызматтык милдеттер:
Жайгашкан жери: Шопокова көчөсү 93/2
Аймагы: Бишкек
Мөөнөтү: 03/06/2025 — 31/07/2025
Кызматтык милдеттер:
- Программалык жана аппараттык маалыматтык коопсуздук куралдарынын абалын уюштуруу жана мониторинг жүргүзүү (SIEM, антивирустук программалык камсыздоо, аялуу жерлерди сканерлөө системасы, WAF, PAM); алардын маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү оперативдүү документациянын, ченемдик укуктук базанын жана мамлекеттик стандарттардын талаптарына шайкештиги;
- МТ инфраструктурасындагы, тармактык түзүлүштөрдөгү жана маалымат системаларындагы өзгөрүүлөргө мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү;
- Тобокелдиктерди баалоо, учурдагы алсыздыктарды жана коркунучтарды талдоо, ошондой эле Банктын инфраструктурасынын алкагында маалыматтык коопсуздукту көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун баалоо;
- Бөлүмдүн долбоордук иш-чараларына катышуу жана учурдагы маалыматтык коопсуздук системасын талдоо, маалыматтык коопсуздуктун чечимдерин модернизациялоо, ишке киргизүү жана колдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- МT менен байланышкан долбоорлордо киберкоопсуздук тобокелдиктерин баалоо, сунуштарды берүү жана киберкоопсуздук тобокелдиктерин азайтуу боюнча пландарды иштеп чыгуу;
- Маалыматтык коопсуздук боюнча техникалык жана уюштуруу документтерин иштеп чыгуу;
- Маалыматтык коопсуздукту жана жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу;
- Маалыматтык коопсуздук инциденттерин талдоо жана башкаруу;
- Маалыматтык коопсуздук инциденттерине чара көрүү, иликтөөлөргө катышуу, иликтөөнүн жыйынтыктарын документтештирүү жана отчеттуулук;
- Аткарылган иштерди документтештирүү, киберкоопсуздук боюнча чаралардын натыйжалуулугун көзөмөлдөө жана жетекчиликке үзгүлтүксүз отчет берүү.
Талапкерлерге болгон талаптар:
- Жогорку же орто атайын техникалык билим (МT жана маалымат коопсуздугу боюнча);
- МT жана маалыматтык коопсуздук тармагында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы; маалыматтык коопсуздук боюнча 2 жылдан кем эмес;
- Эл аралык стандарттарга жана мыкты тажрыйбага (ISO 2700x, NIST, CIS, GDPR) ылайык маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасынын принциптерин билүү жана түшүнүү;
- Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана ченемдик талаптарды билүү;
- Эл аралык ITIL практикасына ылайык МT процесстерин билүү жана түшүнүү;
- Заманбап маалымат коопсуздугунун чечимдерин конфигурациялоо жана иштетүү тажрыйбасы (SIEM, WAF, PAM)
- Банк тармагында иш тажрыйбасы;
- Ички нормативдик документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тажрыйбасы;
- Киберкоопсуздук боюнча сертификаттар артыкчылык болот;
- B1 деңгээлинде англис тилин билүү.
Биз төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- Толук соцпакеттер;
- Кеңири медициналык камсыздандыруу;
- Маалымдуулук боюнча онлайн/оффлайн тренинги;
- Психологиялык колдоо;
- Жумуш менен жашоо балансын сактоо;
- Колдоочу башкаруу;
- Корпоративдик тренинг;
- Команда түзүү жана корпоративдик иш-чаралар;
- Ынтымактуу команда;
- Алдыңкы ата мекендик жана эл аралык эксперттерден тажрыйба алуу;
- Кесиптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өнүктүрүү жана өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү.
Маалымат жаңыртылды: 09:56, 27.10.2025
150