Банк жөнүндө
Компания FINCA Кыргызстанда 1995-жылы негизделген. Ал негизинен аялдарга багытталган, кирешеси төмөн ишкерлерди каржылоо программасы катары ишин баштаган. 2001-жылга карата FINCAнын филиалдык тармагы өлкөнүн бардык аймактарын камтыган. Ал эми эки жылдан кийин микрокаржылоо боюнча жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына байланыштуу «Микрокредиттик компания ФИНКА» ЖАК түзүлгөн. 2015-жылдын март айында «МКК ФИНКА» ЖАК банктык лицензия алып, «ФИНКА Банк» ЖАК болуп кайра түзүлгөн.
Башкы кеңсеси Вашингтондо, Колумбия округунда жайгашкан FINCA компаниясынын дүйнөнүн 13 өлкөсүндө 3,4 млн кардары бар. Кыргызстандагы компания өлкөдө иштеп жаткан микрофинансылык тармактардын арасында рынокту эң кеңири жана комплекстүү камтыган компания болуп саналат.
Активдүү кардарлардын саны 350 000ден ашат. «ФИНКА Банк» ЖАКтын уставдык капиталы 2026-жылдын июль айына карата 3,8 млрд сомду түзөт.
FINCA компаниясынын 25 филиалы, 69 сактык кассасы жана 6 көчмө кассасы бар.
Башкы кеңсеси: Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 93/2.
Контакттар
+996 312 44 04 40
Кыска номер: 4400
WhatsApp: +996 505 44 00 44
Комментарийлер (1)
Хотел бы предостеречь клиентов данного банка от swift переводов. Когда открывал счет в Finca банке ориентировался на курс и широкое распространение банка. Однако с выводом волюты одни проблемы. На wize дернуть деньги не получилось, хотя, по сути, это просто покупка с карты. Swift перевод удалось отправить только раза с четвертого, так как почти нереально заполнить правильно реквизиты, а платеж заворачивали без объяснения причины.\nВ итоге, к сожалению, удалось отправить перевод. 15 мая. С тех пор он висит между транзитными банками и сотрудники Finca банка ничего делать не хотят кроме ленивого предоставления информации о том, что платеж где-то там. Отозвать платеж по сути тоже нельзя, так как сроки неизвестны и для этого надо приехать в офис.
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.