Вакансия «Ички аудитор»
ЗАО «ФИНКА Банк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
FINCA Bank — эл аралык банк тармагына кирген жана дүйнөнүн 13 өлкөсүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн банк. Кыргызстандагы Башкы кеңсеге «Ички аудитор» кызмат ордуна кызматкер издеп жатат.
Кызматташуу шарттары:
- Натыйжага жана чечим кабыл алууга багытталган командада иштөө;
- КР Эмгек кодексине ылайык расмий жумушка орноштуруу;
- Туруктуу айлык маяна (айына эки жолу);
- Натыйжалуулукту баалоонун ачык-айкын системасы;
- Медициналык камсыздандыруу;
- Процесстерге таасир этүү жана демилге көтөрүү мүмкүнчүлүгү;
- Карьералык өсүүнүн так багыттары.
Кызматтык милдеттер:
- Ички аудит ишин пландаштырууга катышуу;
- Аудит объектисин алдын ала изилдөөнүн негизинде тобокелчиликке багытталган аудит программасын түзүү;
- Күтүүсүз аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- Ички аудиттин сунуштарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетторду өз убагында даярдоо.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
- Англис тилин жазуу жана сүйлөө деңгээлинде билүү — милдеттүү;
- Жогорку экономикалык билим;
- Ички аудит, банктык операциялык ишмердүүлүк, бухгалтерия жана бизнес-анализ тармагында кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасыАудит жана көзөмөл, банктык эсеп, тобокелдиктерди башкаруу боюнча кесиптик сертификаттардын болушу — артыкчылык;
- Ички аудиттин принциптерин, иш тажрыйбаларын жана башкаруу принциптерин билүү (айрыкча бизнес-практикаларды);
- Заманбап талаптарга жооп берген тобокелдиктерди башкаруу жана көзөмөл ыкмалары боюнча билим;
- Маалыматтарды чогултуу, талдоо, баалоо жана логикалык жыйынтык чыгара билүү жөндөмү;
- Отчет түзүү боюнча жакшы жазуу көндүмдөрү;
- Компьютерди мыкты билүү (MS Office);
- Өлкө ичинде тез-тез иш сапарларга чыгууга даяр болуу.
Маалымат жаңыртылды: 06:30, 16.02.2026
47