Вакансия «Ички контрол инспектору»
ЗАО «ФИНКА Банк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Эмне менен алек болуу керек:
- Банк кызматкерлери ички саясаттарга жана процедураларга ылайык иш алып барып жатканын текшерүү;
- Банк кызматтары жана продуктылары боюнча бардык документтердин тууралыгын жана толуктугун текшерүү;
- Кардарлар менен иштин текшерүүсү, ошондой эле кардарлардын бизнесине жана жашаган жерине баруу;
- Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча отчетторду даярдоо, зарыл болсо каталардын алдын алуу үчүн иш-чаралар планын түзүүгө катышуу;
- Сырттан көзөмөл, инспекция жана аудиттин натыйжалары боюнча отчетторду изилдөө;
- Сырттан көзөмөл, инспекция жана аудит учурунда аныкталган бузулууларды жоюу боюнча иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө.
Талаптар:
- Жогорку, жогорку окуу жайын бүтүрбөгөн же орто-специаль билим;
- Банк тармагында кеминде 1 жылдык жумуш тажрыйба, артыкчылыктуу багыттар: эсептер менен иштөө, акча которуулары, алмашуу операциялары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана банк ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка нормативдик актыларды билүү;
- Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү, англис тилин билүү артыкчылык;
- Тапшырмаларды так аныктап, артыкчылыктарды бөлүп көрсөтүү, өз компетенциясына кирген маселелер боюнча өз убагында чечим кабыл алуу жөндөмү;
- Алынган маалыматтарды анализдөө жана иштетүү жөндөмү;
- Ички командировкаларга баруу жана иштөө мүмкүнчүлүгү (жумуш убактысынын кеминде 50%);
- Жоопкерчилик, чынчылдык, ийкемдүүлүк, натыйжага багыттылык жана командалык иштөө жөндөмү.
Жумуш шарттары:
- КРнын Эмгек кодексине ылайык расмий каттоо;
- Толук социалдык пакет;
- Кеңири медициналык камсыздандыруу;
- Онлайн/офлайн тренингдер аркылуу маалымдуулукту жогорулатуу;
- Психологиялык колдоо;
- Жумуш жана жеке жашоо балансынын сакталуусу;
- Лоялдуу жетекчилик;
- Корпоративдик окутуу;
- Тимбилдингдер жана корпоративдик иш-чаралар;
- Достук жана камкордук кылган коллектив;
- Өлкөнүн жана эл аралык тажрыйбалуу эксперттерден тажрыйба алуу;
- Кесиптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өнүктүрүү жана жакшыртуу мүмкүнчүлүгү.
Маалымат жаңыртылды: 09:21, 16.02.2026
59