Вакансия «Тажрыйбалуу кредиттөө секторунун адис/жетектөөчү адиси, Сокулук айылы»
ОАО «Capital Bank»
Биз кызматкерлерибиз менен бирге өсүп, өнүгүп жатабыз. Капитал Банк өзүнүн филиалдык тармагын тездик менен кеңейтүүдө, демек биз жаңы кесиптештерди издеп жатабыз. Капитал Банктын чоң жана ынтымактуу командасына кошулууну кааласаңыз, кош келиңиз!
«Капитал Банк» ААКсына кредиттөө секторуна тажрыйбалуу адис/жетектөөчү адис талап кылынат, Сокулук а.
Талаптар:
- Экономика боюнча диплом.
- Кредиттик сектордо банк секторунда бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
- Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын, банктык кредиттик тобокелдиктерди тескөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарды билүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу “Капитал Банк” ААКтын ички ченемдик документтерин билүү.
Милдеттери:
- Насыя берүүнүн жол-жоболорун жана ченемдерин талаптагыдай сактоону камсыз кылуу;
- Кардарларга насыя берүү маселелери боюнча консультация берүү;
- Карыз алуучунун кредиттик жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн социалдык-экономикалык талдоо жүргүзүү;
- Берилген кредиттик продуктыларды кредиттен кийинки тейлөө:
- Кредиттин өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
- Банк тарабынан ишке ашырылып жаткан программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу.
- Кардар тартуу.
Шарттары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке орноштуруу
- Шаардын борборунда заманбап кеңсе
- Жумасына беш күндүк иш, 8:30дан 17:30га чейин
Резюмеңизди [email protected] дарегине жөнөтүңүз.
Маалымат жаңыртылды: 09:58, 21.11.2025
266