Вакансия «Насыялоо тармагынын башчысы»

ОАО «Capital Bank»

«Капитал Банк» ААКсына Кредиттөө секторунун тажрыйбасы бар жетекчиси талап кылынат. 

Талаптар: 
  • Экономика боюнча жогорку билими бар. 
  • Банк секторунда кредиттөө тармагында эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. 
  • Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын, банктык кредиттик тобокелдиктерди тескөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарды билүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу «Капитал Банк» ААКтын ички ченемдик документтерин билүү. 
 
Милдеттери: 
  • насыя берүүнүн жол-жоболорун жана ченемдерин талаптагыдай сактоону камсыз кылуу; 
  • кардарларга насыя берүү маселелери боюнча консультация берүү; 
  • карыз алуучунун кредиттик жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн социалдык-экономикалык талдоо жүргүзүү; 
  • берилген кредиттик продуктыларды кредиттен кийинки тейлөө: 
  • кредиттин өз убагында кайтарылышын камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу; 
  • банк тарабынан ишке ашырылуучу программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу; 
  • кардар тартуу 
 
Иштөө шарттары: 
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке орноштуруу 
  • Шаардын борборунда заманбап кеңсе 
  • Жумасына беш күндүк иш, 8:30дан 17:30га чейин 

Реюмеңизди [email protected] дарегине жөнөтүңүз. 
Маалымат жаңыртылды: 09:45, 21.11.2025
290