Аманатты төмөнкү валюталарда ачууга болот: кыргыз сому (KGS) жана АКШ доллары (USD).
Аманат депозиттик эсепти, пайыздарды төлөө боюнча чыгымдар эсебин жана банктын милдеттенме эсебин ачууну камтыйт. Депозиттин мөөнөтү аяктагандан кийин негизги сумма талап кылганга чейинки эсепке которулат.
Пайыздарды төлөө – ай сайын;
Толуктоо мүмкүнчүлүгү – каралган;
Минималдуу толуктоо суммасы – 5 000 сом, 100 АКШ доллары;
Жарым-жартылай алуу – каралган;
Мөөнөтүнөн мурда бузуу – каралган. Мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайыздар депозиттин иш жүзүндө сакталган мөөнөтүнө жараша төлөнөт;
Аманатты автоматтык узартуу – каралган эмес.