«Ипотечный» салымы KICB тарабынан Кыргызстандын резиденттерине «Сберегательная Ипотека» кредитин алуу үчүн алгачкы төлөмдү жыйноо максатында арналган.
Салымдын валютасы: сом.
Проценттик ставка: 3% (3,04%).
Салымдын мөөнөтү: 24-36 ай.
Алгачкы төлөмдүн минималдуу суммасы: сумма кредиттик адистер тарабынан эсептелинет жана депозит үчүн керектүү сумма боюнча алдын ала эсепте көрсөтүлөт.
Кошумча каржылоонун мүмкүнчүлүгү: бар.
Ай сайынгы минималдуу кошумча каржылоонун суммасы кредиттик адистер тарабынан аныкталат.
Айына максималдуу кошумча каржылоо суммасы: каралган эмес.
Проценттерди эсептөө: күндөлүк.
Жыйналган проценттерди төлөө: салымдын мөөнөтү бүткөндө кардардын банктык эсепине.
Проценттерди капитализациялоо: жок.
Салымдын узартылышы: жок.
Эгер Договордун мөөнөтүнөн мурда бузулса, банк кардарга тиешелүү жыйналган проценттерди 0% жаза ставкасы менен кайра эсептейт.
Салымдын мөөнөтү бүткөндөн кийин, кардарга кепилдик катары 14% жылдык атайын ставка менен «Сберегательная ипотека» кредитин алуу мүмкүнчүлүгү берилет.