«Мөөнөттүү Мудараба» — бул исламдык мудараба принципине негизделген салым. Кардар өз каражатын белгиленген мөөнөткө банкке өткөрүп берет, ал эми банк аларды шариатка ылайык келген долбоорлорго инвестициялайт. Алынган пайда алдын ала белгиленген үлүшкө жараша банк менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт.
Валюта: Кыргыз сом, АКШ доллары;
Минималдуу салым суммасы: 1 000 KGS, 50 USD;
Вкладдын мөөнөтү: 3төн 36 айга чейин;
Негизги салым суммасына кошумча салым салуу мүмкүнчүлүгү: жок;
Мөөнөт аяктаганга чейин негизги салымдын бөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгү: жок;
Мудараба келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулса, Банк негизги депозит суммасынан бардык төлөнгөн пайданы кармайт;
Банктың бардык бөлүмдөрүндө ачууга жеткиликтүү.