Вакансия «Оператор в офис (Call center)»
ААК «Мбанк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
- Билим деңгээли – орто атайын, аякталбаган жогорку, жогорку билим (жогорку билим артыкчылык берилет);
- Кардарларды тейлөө жана сатуу тармагында иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат;
- Ишкердик этикеттин негиздерин билүү, иш кагаздарын жүргүзүү жана телефон аркылуу сүйлөшүү көндүмдөрү;
- Кыргыз жана орус тилдерин оозеки жана жазуу түрүндө билүү милдеттүү;
- Жакшы дикция, сүйлөө маданияты жана сабаттуулук, сүйлөө темпинин ылайыктуулугу;
- Жакшы коммуникациялык көндүмдөр, стресске туруктуулук, тапкычтык;
- Компьютер менен иштөө көндүмдөрү жана жогорку ылдамдыкта терүү.
Милдеттери:
- Кирген чалууларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу;
- Иштеп жаткан жана потенциалдуу кардарларга консультациялык колдоо көрсөтүү;
- Кардарларга Банктын тарифтери, кызматтары, продукттары, жол-жоболору жана акциялары боюнча толук маалымат берүү;
- Кардарлардын арыз-даттанууларын жана сунуштарын кабыл алуу, каттоо жана тиешелүү бөлүмдөргө кароого өткөрүп берүү;
- Кардардын суроолоруна байланыштуу оптималдуу чечимдерди табуу жана сунуштоо;
- Банктын продукттары жана кызматтары боюнча, ошондой эле кардарларды ыкчам тейлөө үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды өз убагында жана сапаттуу өздөштүрүү.
Шарттар:
- Ыңгайлуу иш графиги 5/2 же 6/1;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий жумушка орноштуруу;
- Кепилденген киреше жана кошумча сыйлык – колго 14 600дөн 50 000 сомго чейин;
- Өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр адистердин арасында иштөө;
- Достук жамаатта бай корпоративдик жашоо;
- Карьердик өсүү жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгү;
- Туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү киреше;
- Кредиттер боюнча төмөндөтүлгөн пайыздык чендер;
- Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу (ДМС);
- Материалдык жардам жана башка жеңилдиктер.
Маалымат жаңыртылды: 08:10, 24.04.2026
87