ProKG жаштарга акысыз билим берүү үчүн 7 млн сом чогултууну көздөгөн кайрымдуулук аукционун өткөрөт

ProKG жаштарга акысыз билим берүү үчүн 7 млн сом чогултууну көздөгөн кайрымдуулук аукционун өткөрөт
Өткөрүлгөн датасы
18:30, 21.11.2026 – 22:30, 21.11.2026
Баасы
3000 KGS
Өткөрүлгөн жер
Технопарк, зал Meta Hall

21-ноябрда Бишкек шаарында ProKG кесипкөйлөр клубунун жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук аукциону болот. Чогулган каражаттын баары Кыргызстан боюнча мектеп окуучулары, студенттер жана мугалимдер үчүн ишке ашырылган жети акысыз билим берүү долбооруна багытталат.

ProKG клубу 2009-жылы чет өлкөлөрдүн алдыңкы университеттеринен билим алган жаш адистер тарабынан негизделген. Бүгүнкү күндө бул — ишкерлерди, жетекчилерди жана эксперттерди бириктирген коммерциялык эмес клуб. Ал мүчөлүк төгүмдөрдүн жана аукциондон түшкөн каражаттын эсебинен каржыланат жана эл аралык гранттарды албайт. Клуб саясаттан тышкары болуп, адамдын өмүр бою керектелүүчү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасайт.

Аукцион клубдун негизги каржылоо булагы болуп саналат. 2025-жылы иш-чарада 6 млн сомдон ашык каражат чогултулуп, анын баары билим берүү долбоорлоруна багытталган.

  • «Менин мектебим» - аймактардагы мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүү, тренингдер жана лагерлер. Долбоорго 7 облустагы 33төн ашык мектеп катышып, 450дөн ашык окуучу стипендия алган, 10 миңден ашык окуучу тренингдерге катышкан.
  • Kadam жана Pre-Kadam - аймактардагы мектеп окуучуларын дүйнөнүн алдыңкы университеттерине тапшырууга даярдоо программалары. 2024-жылы программанын бүтүрүүчүлөрүнүн бири MIT университетине кабыл алынган.
  • FinOlimp - чыныгы бизнес-кейстер боюнча акысыз олимпиада. Ага 3 миңден ашык адам катышып, 70тен ашык катышуучу компанияларда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн алган.
  • Лидерлик программасы - клуб мүчөлөрүнүн жаш лидерлер үчүн өткөргөн тренингдери жана ментордук колдоосу.
  • «Энелер-Мария» - Кыргызстандын бардык аймактарындагы мугалимдер жана энелер үчүн уюштурулган көчмө лагерь. Долбоорго катышуу үчүн 8 500дөн ашык арыз түшкөн.
  • ProBooks - бизнес адабияттарынын китепканасы. Китептер символикалык баада сунушталат.

Клубдун билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрү Гарвард, Стэнфорд жана MIT университеттеринде билим алышкан. Алардын көбү кийин ProKG клубуна ментор жана донор катары кайтып келип, кийинки муундун өнүгүшүнө жардам берип жатышат.

Быйылкы аукциондо компаниялар жана жеке адамдар тарабынан сунушталган 60тан ашык лот ойнотулат. Алардын арасында кызмат көрсөтүүлөр, сертификаттар, ар кандай буюмдар жана сүрөттөр бар. Аукциондун башкы өнөктөшү — FullMark, расмий өнөктөшү — Icon. Бардык лоттор менен Instagram социалдык тармагындагы @prokgorg баракчасынан таанышууга болот.

Аукцион 21-ноябрда саат 18:30дан 22:30га чейин Бишкектеги Технопаркта, Meta Hall залында (Анкара көчөсү, 223) өтөт. Билеттин баасы - 3 000 сом. Билеттерди ticket.kg сайтынан сатып алууга болот. Клуб тууралуу кененирээк маалымат prokg.net сайтында жайгашкан.

«Биздин аукциондогу ар бир лот - кимдир бирөөнүн мүмкүнчүлүгү. Ал Нарындан келген окуучу үчүн лагерге баруу, студент үчүн стажировка же айылдык мугалим үчүн тренинг болушу мүмкүн. Биз Кыргызстан келечеги кайдыгер болбогон бардык адамдарды ушул кеченин бир бөлүгү болууга чакырабыз», - деп белгиледи ProKG клубунун аткаруучу директору Ислам Муратов.