Которууну кантип жиберсек болот?
1. Тинькофф. тиркемесинин колдонуучусу болушуңуз керек.
2. Тиркемеде “Төлөмдөр” - Телефон номерине тандоо керек.
3. Кыргызстандагы алган адамдын телефон номерин телефон китебинен тандаңыз. Эгерде номер телефон китебинде жок болсо, анда номерди кол менен жазып коюу керек: (996 ххх хх хх хx).
4. Тизме боюнча банкты тандаңыз.
5. Которуу суммасын рублда киргизип, эгер керек болсо, алган адам үчүн билдирүү жазыңыз. “Которуу” баскычын басып, төлөмдү растаңыз.
Которууну кантип алууга болот?
1. Банк тиркемесин жүктөп алып, идентификациядан өтүңүз.
2. Жиберүүчүнүн номерин мобилдик тиркемеде билдирип коюу.
3. Акча каражаттарынын балансында келип түшүүсүн текшериңиз.
Которууну алган адам SMS же push билдирүүсүн алат.
SMS билдирүүсү автоматтык түрдө келет, push билдирүүсү телефон мындай функцияны колдосо келет.
Банк тиркемесинин балансына каражаттар дароо киргизилет.
Комиссия:
Которуу үчүн комиссияны жиберүүчү Тинькофф тарифтери боюнча төлөйт. Которуу автоматтык түрдө Тинькоффтун атайын курсунда сомго конвертацияланат. Которууну жиберүүдөн мурун, жиберүүчү конвертация курсу жана сомго киргизилүүчү сумма жөнүндө көрөт.
Комиссия рубль менен - которуу суммасының 1%.
Чектөөлөр:
Толук идентификациядан өткөн тиркемелер үчүн:
1 которуу - 150 000 рублга чейин.
1 суткадагы которуу суммасы - 5 000 АКШ долларына эквивалент суммага чейин.
1 суткадагы которуулар саны - 20 которууга чейин.
1 айдагы которуулардын максималдуу суммасы - 1 500 000 рубл.
1 айдагы которуу санына чектөө жок.
Онлайн идентификацияланган тиркемелер үчүн:
1 которуу - 15 000 сом.
1 айдагы которуулардын максималдуу суммасы - 30 000 сом.
Кошелек боюнча максималдуу калдык - 30 000 сом.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.