Атайын кызматтын билдиришкендей,
19-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев С.М. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучулар менен жолугушту. Жолугушууга шектүү дагы катышты.
Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон С.М. узак убакыт бою мыйзамсыз күрөө жана сүткорлук менен алектенгени аныкталган. Ал жарандарга атайылап кысым көрсөтүүчү шарттарда жана жогорку пайыздык чендер менен каражат берип, андан кийин пайда болгон карызды алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу үчүн колдонгон.
Тергөөдө мүлктөрдү кайра жол-жоболоштуруу көзөмөлдөгү нотариустар жана аффилирленген жактар аркылуу жалган бүтүмдөр менен жасалганы белгилүү болду. Ошондой эле жабырлануучуларды коркутуп, бийликтеги байланыштары аркылуу басым жасап келгени далилденди.
Тергөө өзгөчө «Эксперт Строй» ЖЧКсынын («Шёлковый путь» турак жай комплекси) жана «Арз Девелопмент»ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө багытталган. С.М. эки жер тилкесин үлүшкө берип, кийин долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жараткан жана ири өлчөмдө кошумча пайда алуу үчүн мыйзамсыз талаптарды койгон.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «Шёлковый путь» ТЖК, «Арз Девелопмент» ЖЧКсынын 89 үлүшчүсү, ошондой эле бир катар жеке адамдар жабырлануучу деп табылган. Жыйынтыгында жалпы материалдык зыян өзгөчө чоң деп бааланып, ага кыймылсыз мүлктү, унааларды жана каражаттарды мыйзамсыз ээликтен ажыратуу кирген.
Мындан улам Ташиев УКМК кызматкерлерине бардык күрөөканалардын ишин, анын ичинде пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүнү тапшырды.
Ошондой эле, Ташиев жогоруда сөз болгон кылмыш ишин тергөө анын жеке көзөмөлүнө алынганын билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин жооптуу бөлүмдөрүнө бардык жагдайларды ар тараптуу жана объективдүү иликтөө, тиешеси бар адамдарды аныктоо жана жабырлануучулар үчүн максималдуу компенсация төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.