Кыргызстандын калкынын 26% жакырчылыкта жашайт

Кыргызстанда жакырчылык 26%ды түзсө, Баткен облусунда 40%дан ашты.

Кыргызстандын калкынын 26% жакырчылыкта жашайт

Бул тууралуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) 2026-жылдын февраль айына карата баяндамасында айтылат.

Уюмдун маалыматы боюнча, калктын 41% толук кандуу тамактанууга кудурети жетпейт, ал эми үй чарбаларынын 75% жашоо үчүн карыздап жана ден соолук чыгымдарын кыскартуу сыяктуу терс стратегияларды колдонушат. Мындан тышкары, беш жашка чейинки балдардын 21% аз кандуулук менен ооруйт.

Экономикалык өсүүгө карабастан, азык-түлүк коопсуздугу мигранттардын акча которууларына көз карандылыктан, баалардын өсүшүнө жана климаттык тобокелдиктерге байланыштуу алсыз бойдон калууда.

WFP өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүү жана кооперативдерди колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Андан 17 миңден ашуун фермерлер окуудан өтүп, бир нече кооперативдер түшүмдүүлүгүн жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулаткан.

Уюм ошондой эле социалдык коргоону кеңейтүү жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн программалар боюнча да иш алып барат.

Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарынын 18%нын тамактануу рациону жакшырган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.