Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Эми iDyikan платформасы аркылуу онлайн тапшырып, күтүү тизмесине кошулууга мүмкүн. Өнөктөш-банктар «АБанк» жана «Элдик Банк» мындан ары арыздарды колдон кабыл албайт.
Кызмат аркылуу фермерлер каттоодон өтүп, каржылоого арыз берип, аралыктан кезекке туруп, реалдуу убакыт режиминде алардын абалына көз сала алышат.
Министрлик жаңы система жеңилдетилген насыяларды берүүнү ачык-айкын жана ыңгайлуу кылат деп белгиледи.
Ошондой эле, келечекте iDyikan мобилдик тиркемесин ишке киргизүү да пландалууда.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.