Бишкекте жаңы «Алма Банк» коммерциялык банкынын кеңсеси ачылууда

Борбор калаанын борборунда, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде Banks.kg редакциясынын кабарчысы жаңы коммерциялык банктын имараты — «Алма Финанс Банк» ЖАКсынын ачылышына даярдалып жатканына күбө болду.

Бишкекте жаңы «Алма Банк» коммерциялык банкынын кеңсеси ачылууда
Сүрөт: Banks.kg

Имараттын фасадында «Алма Банк» деген аталыш пайда болгону менен, КРнын Улуттук банкынын сайтында Кыргызстандын коммерциялык банктарынын реестринде бул уюм лицензия алганы тууралуу маалымат азырынча жок.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкы үч жаңы каржы институтун түзүүгө уруксат берген, алардын катарында «Алма Финанс Банк» ЖАКсы бар. Банкты түзүүгө уруксат алгандан кийин уюштуруучуларына  уставдык капиталды түзүү жана банктардын ишин баштоо үчүн даярдык иш-чараларын жүргүзүү үчүн 6 айдан ашпаган мөөнөт берилет. 

Эске салсак, агустта Кыргызстандын Юстиция министрлиги жаңы банк – «Алма Финанс Банк» ЖАКты каттоодон өткөргөн. Ал Кытайдын капиталынын катышуусу менен түзүлгөнү белгилүү. Банктын жетекчиси Ван Син деп жазылган. Юридикалык дареги Бишкек шаарындагы Огонбаев көчөсү, 222 дареги боюнча көрсөтүлгөн. Бул дарек Кыргызстандын рыногунда 2013-жылдан бери иштеп келе жаткан «Алма Кредит» микрофинансылык компаниясынын жайгашкан жери.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.