Президент коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президент коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамына кол койду
Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. 

Мыйзам 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын максаты - коррупцияга каршы аракеттенүү чараларын жакшыртуу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин өлчөөдө, санариптештирүү процесстерин толук өнүктүрүүдө, коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга жана коррупцияга келишпестик атмосферасын түзүүгө багытталган билим берүү, маалыматтык – профилактикалык иштерди уюштурууда орун алган кемчиликтерди жоюу болуп саналат.  

Ошондой эле, мыйзам президенттин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «2025-2030-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу болуп эсептелет.

Мыйзам төмөнкүлөрдү караган ченемдерди камтыйт:

  • жөнгө салуунун предметин, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаттарын жана милдеттерин, терминдердин маанисин ачып берүүчү жана түшүнүксүз мазмунга жол бербеген жана кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн минималдаштырууга түрткү берген терминдердин түшүнүгүн;
  • коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин чөйрөсүн жана алардын милдеттерин, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функцияларын жана милдеттерин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын милдеттерин;
  • коррупциянын алдын алуу, ага каршы күрөшүү, мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу жана анын кесепеттерин минималдаштыруу жана жоюу боюнча чараларын;
  • коррупцияга байланыштуу кылмыштардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнү коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга, ал эми кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга байланышкан укук бузуулардын реестрин жүргүзүүнү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөөнү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.