5 миллион сомдой акча уурдаган дропперлер кармалды

Чүй облусунда Токмок шаарынын тургуну өзүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган алдамчылардын эсебине дээрлик 5 миллион сом которуп берген.

5 миллион сомдой акча уурдаган дропперлер кармалды
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. 

2025-жылдын 30-октябрында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 1965-жылы туулган С.Р. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, Чүй облусунун ИИББнин тергөөчүсү жана Улуттук банктын өкүлдөрү катары тааныштырып, акчаны «алдамчылардан коргоо» деген шылтоо менен жарандын каражатын — 4 783 000 сомду ээлеп алышкан. 

Бул сумманы жабырлануучу ар түрдүү банктык эсептерге өзү которгон. Андан кийин алдамчылар байланышка чыкпай калышкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-1-беренеси «Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыктарын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда жабырлануучунун акчалай каражаты 2000-жылы туулган А.Б. аттуу жаранга катталган эсептерге которулганы аныкталган. Ал белгилүү эмес адамдарга акча төлөмү үчүн өзүнүн банк карталарын берип, интернет-банкингге жана мобилдик колдонмолоруна толук мүмкүнчүлүк камсыз кылган. Мындай жол менен ал «дроппердин» ролунда — башкача айтканда, уурдалган акчаларды накталуу кылуу схемаларына аралашкан ортомчу катары иш-аракет кылган.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери бул кылмышка шектелген 2007-жылы туулган С.Ж. жана 2006-жылы туулган Ж.Б. аттуу жарандарды аныктап, кармашкан. КР ЖПКсынын 96-беренесине ылайык, алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шаардык соттун чечими менен шектүүлөргө карата электрондук көзөмөл чарасы колдонулган.

Иш боюнча тергөө амалдары уланууда.

Чүй облустук милициясы КРнын мыйзамдарына ылайык, SIM-карталарды, банк карталарын жана башка электрондук төлөм каражаттарын үчүнчү жактарга берүү — кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш-аракет болуп эсептелерин эскертет.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.