Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлдү; анын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу болду.
Учурда керээз боюнча мураскорлор көп учурда көйгөйгө туш болушат: алар жакын тууганы болбосо, мурас калтыруучунун каза болгону тууралуу күбөлүк ала алышпайт. Бул документсиз нотариустан мурастык ишти ачуу мүмкүн эмес.
Демилгечилер муну менен жарандардын өз мүлкүн эркин тескөө жана каалаганына берүү укугу бузулууда деп эсептешет.
Мыйзам долбоорунда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн керээзди берген адамдарга каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн берүүгө уруксат берүү сунушталууда. Бул мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, мурастоо процессин жөнөкөйлөштүрмөк.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.