Байкоо жүргузүү өлкөнүн бардык аймактарында, шаарларда жана айылдарда жүргүзүлдү.
Июнь айында негизги азык-түлүккө болгон баалар салыштырмалуу туруктуу болгон. Кээ бир аймактарда гана эт, ун жана картөшкөгө болгон баалардын бир аз өзгөрүүсү байкалган.
Өлкө боюнча орточо керектөө баалары төмөнкүдөй болду:
- Буудай – килограммы 27,42 сом;
- Күрүч (кыска дандуу) – 148,85 сом;
- Күрүч (узун дандуу) – 156,14 сом;
- Жогорку сорттогу буудай уну – 71,37 сом;
- Биринчи сорттогу буудай уну – 52,94 сом;
- Биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан – 66,83 сом;
- Тандыр наны – 103,3 сом;
- Уй эти (1 кг) – 662,54 сом;
- Кой эти (1 кг) – 657,48 сом;
- Жылкы эти (1 кг) – 578,59 сом;
- Сүт (табигый) - 1 литри 60,62 сом;
- Жумуртка (10 даана) – 107,62 сом;
- Өсүмдүк майы (1 кг) – 168,82 сом;
- Картөшкө – 68,61 сом;
- Кумшекер – 77,12 сом;
- Кара байховый чай (100 г) – 108,54 сом;
- Көк чай (100 г) – 77,10 сом.
Баалардагы эң чоң аймактык айырмачылыктар эт, сүт азыктары жана картөшкөгө байланыштуу болду, мисалы айрым жерлерде картөшкөнүн баасы 35 сомдон 80 сомго чейин өзгөрүп турган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.