Кыргызстанда орточо пенсия 128 долларды түзөт: КМШдагы пенсионерлердин сатып алуу жөндөмүн салыштырабыз
Советтик системанын негизинде түзүлгөн КМШ өлкөлөрүнүн пенсиялык системалары бүгүнкү күндө ар кандай өнүгүү жолун көрсөтүүдө. Айрым өлкөлөрдө акырындык менен реформалар жүргүзүлсө, башкаларында төлөмдөрдүн түзүмүндө кескин өзгөрүүлөр болууда.

Бул тууралуу Finprom.kz басылмасы маалымдайт.
КМШ өлкөлөрүндө пенсионерлер орточо канча пенсия алышат?
Жалпы профсоюздар конфедерациясынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын февраль айында орточо пенсиянын өлчөмү боюнча төмөнкү өлкөлөр алдыңкы орундарды ээлеген:
- Беларусь (374,1 АКШ доллары) - биринчи орун;
- Орусия (328,7 АКШ доллары) - экинчи орун;
- Азербайжан (340 АКШ доллары) - үчүнчү орун;
- Казакстан (288,7 АКШ доллары) - төртүнчү орун.
Бул өлкөлөр пенсиянын номиналдык өлчөмү 280 доллардан ашкан жогорку топту түзөт. Бул пенсиялык төлөмдөрдүн номиналдык деңгээли жогору экенин жана жалпысынан пенсиялык системага бюджеттик колдоо кыйла өнүккөнүн көрсөтөт.
КМШнын башка өлкөлөрүндө жана Борбор Азия мамлекеттеринде улгайган жарандарга төлөнүүчү пенсиянын өлчөмү кыйла төмөн:
- Өзбекстанда орточо пенсия 134 АКШ долларын түзгөн;
- Кыргызстанда - 128,4 АКШ доллары;
- Тажикстанда - болгону 68,8 АКШ доллары.
Бул айырмачылык экономикалык өнүгүүдөгү, жумуш менен камсыз болуу түзүмүндөгү жана пенсиялык системанын мамлекеттик бюджетке жүктөгөн оорчулугундагы айырмачылыктардан келип чыгат.
Пенсия менен минималдуу эмгек акынын катышы
Бул өлкөлөрдө жарандардын орточо пенсиясы иштеген адамдардын минималдуу эмгек акысына (МЭА) салыштырмалуу канчалык айырмаланат?
- Казакстанда орточо пенсия минималдуу эмгек акынын 168 пайызын түзгөн. Бул аймактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат жана эмгек акынын базалык деңгээлине салыштырмалуу пенсионерлерге олуттуу колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирет.
- Эң жогорку көрсөткүч Кыргызстанда 342 пайызды түзгөн. Бул минималдуу эмгек акынын төмөндүгүнө жана пенсиянын аз өлчөмүнө байланыштуу.
- Беларусь жана Өзбекстанда бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 124 жана 129 пайызды түзгөн.
- Армения, Тажикстан жана Орусияда орточо пенсия минималдуу эмгек акыдан бир аз гана жогору же ага барабар. Бул пенсионерлердин негизги чыгымдарын жабуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.
Тажикстандагы кескин өсүштөн Казакстандагы төмөндөөгө чейин
КМШнын Статистика комитети жарыялаган эмгек пенсияларынын реалдуу өлчөмүнүн индекси акыркы жылдары жарандардын пенсиялык камсыздоосу инфляцияны эске алуу менен кандай өзгөргөнүн көрсөттү. Бул көрсөткүчтөр абсолюттук өлчөмдөрү жогору көрүнгөн өлкөлөрдө да төлөмдөрдүн сатып алуу жөндөмү жылдар бою өзгөрбөй калышы мүмкүн экенин көрсөтөт.
КМШ өлкөлөрүнүн 2022–2025-жылдардагы маалыматтары пенсиялык камсыздоонун өнүгүү багыттары ар башка экенин көрсөтүүдө:
- Беларусь каралып жаткан мезгилдин ичинде реалдуу пенсиясы үзгүлтүксүз өскөн шериктештиктеги жалгыз өлкө болду. Мында айрым жылдары көрсөткүч 9,1-9,7 пайызга чейин жогорулаган.
- Өзбекстанда 2023-жылдан бери пенсиянын реалдуу өлчөмүнүн индекси туруктуу сакталып келгени менен, өсүү темпи төмөндөгөн. 2023-жылы Өзбекстанда эмгек пенсиялары 9,5 пайызга, 2024-жылы 5,6 пайызга, ал эми 2025-жылы болгону 2,5 пайызга өскөн.
- Казакстанда төрт жыл ичинде реалдуу өсүү эки жолу гана катталган жана ал да анча чоң эмес: 0,1–0,6 пайыз. 2025-жылдагы маалыматтар боюнча, топтомо эмес, эмгек стажына негизделген ынтымактуу пенсия 8,5 пайызга көбөйтүлгөн. Бирок ошол эле учурда жылдык инфляция 12 пайыздан ашкан. Натыйжада пенсиянын индекси төмөндөп, 96,2 пайызды түзгөн. Башкача айтканда, төлөмдөрдүн сатып алуу жөндөмү 3,8 пайызга азайган.
- Тажикстанда 2025-жылы пенсиянын кескин жогорулашы катталган. Эки жыл бою өсүш 0,5–0,8 пайыздын тегерегинде болуп, токтоп турган соң, 2025-жылы өлкөдөгү реалдуу пенсиялар дароо 25,8 пайызга көбөйгөн.
Эске салсак, 2026-жылдын октябрь айынын башында индексациядан кийин Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 12 миң 898 сомго жеткен.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.