Кыргызстанда орточо айлык акы 42 миң сомдон ашты

Чакан ишканаларды эсепке албаганда, 2025-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 42 миң 20 сомду түздү.

Кыргызстанда орточо айлык акы 42 миң сомдон ашты
Иллюстрациялык сүрөт

Расмий статистикага ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6%га көп.

Керектөө бааларынын индексин эске алуу менен реалдуу эмгек акы 11,5%га өскөн.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо айлык номиналдык чегерилген эмгек акынын өсүшү экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү боюнча белгиленди.

Эмгек акынын эң жогорку өсүшү төмөнкүлөрдө катталды:

  • кыймылсыз мүлк менен операциялар - 40,3%га;
  • курулуш - 39,4%га;
  • административдик жана көмөкчү иш - 30,1%га;
  • саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө - 27,3%га;
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк - 27,3%га;
  • мейманканалар жана тойканалар – 26,2%га;
  • мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана милдеттүү социалдык камсыздоо - 24,2%га;
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 22,9%га;
  • башка кызмат көрсөтүүлөр - 21,3%га.

Ошентип, 2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда эмгек акынын реалдуу да, номиналдык да туруктуу өсүүсү байкалды.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.