«Айыл Банк» «АБанк» болуп өзгөрөт

2-февралда «Айыл Банк» ААКсынын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү. «Айыл Банктын» акционерлери тарабынан каржылык мекеменин атын «АБанк» деп өзгөртүү боюнча юридикалык процесстер башталды.

«Айыл Банк» «АБанк» болуп өзгөрөт
Сүрөт: Интернеттен алынды

Кыргыз фондулук биржасы өлкөдөгү ири каржы институттарынын биринин ребрендинги өткөрүлөрүн жарыялады. Акционерлердин чогулушунун күн тартибине «АБанк» ААК уставынын жаңы редакциясын бекитүү маселеси кирди.

Акционерлер «АБанк» ААКсынын уставынын жаңы редакциясын бекитишти. Фирмалык (расмий) аталышынын «Айыл Банк» ААКсынан «АБанк» ААКсына өзгөртүлүшүнө байланыштуу Банкты юстиция органдарында жана КРнын башка мамлекеттик органдарында кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Чечим жүз пайыз акционерлердин катышуусу менен кабыл алынды.

 «Айыл Банк» – Кыргызстандын бүткүл аймагын камтыган кеңири тармагы бар динамикалуу өнүгүп жаткан универсалдуу банк. Өлкөдө төмөнкү филиалдар иштейт:

  • 38 филиалдар;
  • 57 сактык кассалар;
  • 32 мобилдик касса;
  • 26 аймактык бөлүмдөр;
  • 10 чакан кеңсе.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.