Бүгүн, 28-апрелде Улуттук банкта «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени» аталышындагы темада маалымат жыйыны болуп өттү. Анда валюталык интервенциялар боюнча журналисттердин суроосуна КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубеков жооп берди.
«Улуттук банктын интервенцияларынын көлөмү 2026-жылы 850 миллион доллардан ашты. Тагыраак айтканда, интервенциялардын көлөмү 893,45 миллион долларды түздү. Абсолюттук мааниде алганда бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу жогору. Акыркы төрт жылда өлкө экономикасы жыл сайын болжол менен 10% деңгээлинде туруктуу өсүш темпин көрсөтүүдө. Реалдуу сектордун кеңейиши тышкы соода операцияларынын көбөйүшү менен коштолууда, ал эми аларды тейлөө үчүн чет өлкө валютасы талап кылынат. Ошол эле учурда Улуттук банк интервенциялардын көлөмүн эл аралык резервдерге болгон катышы менен баалоо зарылдыгын баса белгилейт», - деп жооп берди журналисттин суроосуна Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков.
Ал белгилегендей, эл аралык резервдердин көлөмү өсүүнү улантууда. Бул жылга карата алардын көлөмү 9 млрд доллардан ашты.
Азат Козубеков интервенциянын көлөмү көбөйгөнүнө карабастан, алардын эл аралык резервдерге карата деңгээли орточо бойдон калып жатканын, ал тургай мурунку жылдардын көрсөткүчтөрүнөн төмөндүгүн билдирди.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.