Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

BAKAI шаарды өнүктүрүүгө инвестиция салууда: «Бишкекжашылкурулуш» жана «Тазалык» муниципалдык ишканалары үчүн технологиялар, роботтоштуруу жана заманбап чечимдер

BAKAI корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртууга жана тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду жигердүү ишке ашырууда.

BAKAI шаарды өнүктүрүүгө инвестиция салууда: «Бишкекжашылкурулуш» жана «Тазалык» муниципалдык ишканалары үчүн технологиялар, роботтоштуруу жана заманбап чечимдер

Узак мөөнөттүү корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча кызматташтыктын алкагында BAKAI 2023-жылдан бери борбор калааны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келет.

«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына төмөнкүдөй жардам көрсөтүлдү:

  • административдик имараттын сыртын оңдолду;
  • жыгач калдыктарын отун брикеттерине кайра иштетүүгө арналган атайын жабдуу сатылып алынды;
  • бадалдар жана гүлдөр үчүн заманбап павильон курулуп, шаарды жашылдандыруу үчүн көчөт материалдарын даярдоонун сапаты жакшыртылды.

«Тазалык» муниципалдык ишканасына төмөнкүдөй жардам көрсөтүлдү:

  • 500 комплект жарыкты чагылыштыруучу желет жана атайын жумушчу кийим берилди;
  • ишкананын ишмердүүлүгү үчүн жабдуулар, анын ичинде кызматкерлердин мобилдүүлүгүн жогорулатуу максатында электр скутери жана эки электр мопед сатылып алынды;
  • жетүүгө кыйын болгон аймактардан таштанды чыгаруу үчүн эки жаңы электр өзү түшүрүүчү жүк ташуу унаасы жана төрт «Муравей» үлгүсүндөгү электр жүк мотороллери тапшырылды;
  • ишкана эки үч дөңгөлөктүү көп функциялуу тазалоочу техника менен камсыздалды;
  • шаар көчөлөрүндө тартиптин жана эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн 21 видеокөзөмөл камерасы берилди;
  • жашыл аймактарга ккм көрүүнү автоматташтыруу максатында үч роботтошкон көк майсаң тегиздегич тапшырылды.

Узак мөөнөттүү кызматташтыкты баалоонун белгиси катары BAKAI башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Какеев ыраазычылык кат менен сыйланып, маек берип, анда банктын корпоративдик социалдык жоопкерчилик жаатындагы стратегиясы жана шаар ичин мындан ары өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

«BAKAI үчүн социалдык жоопкерчилик - бул коомдун, шаардык инфраструктуранын, экологиянын жана тургундардын жайлуулугунун өнүгүшүнө багытталган узак мөөнөттүү инвестиция. Биз практикалык мааниге ээ болгон, айлана-чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө түзгөн жана шаарга көп жылдар бою пайда алып келе турган демилгелерди колдойбуз», - деп белгиледи BAKAI башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Какеев.

Банк муниципалдык ишканалар менен өнөктөштүк узак мөөнөттүү негизде жүргүзүлөрүн белгилеп, ал инфраструктураны жаңылоо менен гана чектелбестен, заманбап технологияларды киргизүүнү, иштин натыйжалуулугун жогорулатууну жана шаарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү да камтый турганын белгилейт.

Маанилүү: Материал жарнама катары жарыяланган.
Мазмун толугу менен кардар тарабынан түзүлгөн жана Banks.kg редакциясынын пикирин чагылдырбашы мүмкүн. Маалыматтар маалыматтык максатта гана берилет. Жарнамалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жарнама берүүчүлөр гана жооптуу.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.