Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

BAKAI Кыргызстанда алгачкылардан болуп Visa Direct to Account сервисин тиркемеде ишке киргизип, атайын сыйлыкка ээ болду

BAKAI Кыргызстанда алгачкылардан болуп жеке жактар үчүн Visa Direct to Account сервисин толугу менен онлайн форматта - түздөн-түз BAKAI мобилдик тиркемесинде ишке киргизди. Инновациялык чечимди ишке ашырганы үчүн банк эл аралык Visa төлөм системасынан атайын сыйлык алды.

BAKAI Кыргызстанда алгачкылардан болуп Visa Direct to Account сервисин тиркемеде ишке киргизип, атайын сыйлыкка ээ болду

Жаңы сервис BAKAI кардарларына эсептен эсепке эл аралык которууларды кеңсеге барбастан түздөн-түз тиркеме аркылуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет - тез жана ыңгайлуу. Которуу жөнөтүү үчүн кардарларга банкка же акча которуу түйүндөрүнө баруунун, кошумча документтерди тариздөөнүн же татаал жол-жоболордон өтүүнүн кереги жок - баары онлайн форматта, BAKAI тиркемесинде баскычтарды бир нече жолу басуу аркылуу ишке ашат.

BAKAI Кыргызстанда Visa Direct to Account сервисин жеке жактар үчүн дал ушундай санарип форматта ишке киргизген алгачкы банк болду.

BAKAIдагы Visa Direct to Account кызматы Кыргызстан банктарынын арасындагы эң кеңири географияга ээ болгон санарип эл аралык которуу кызматтарынын бирин сунуштайт. Кардарлар Кытай жана Гонконгго, АКШга, БАЭге, Түркияга, Сингапурга, Түштүк Кореяга, Малайзияга, Индияга, Швейцарияга, Улуу Британияга, Канадага, Пакистанга, Таиландга, Вьетнамга, Индонезияга жана Японияга которуу жасай алышат.

Кардарлар эң көп колдонгон багыттардын бири болгон Кытайга өзгөчө көңүл бурулган. BAKAI тиркемеси аркылуу колдонуучулар каражаттарды:

  • Alipay’ге - ар кандай төлөмдөр жана которуулар үчүн;
  • WeChat’ке - жеке жактар ортосундагы которуулар үчүн жөнөтө алышат.

Салттуу card-to-card которуулардан айырмаланып, сервис account-to-account модели менен иштейт. Бул операциялардын географиясын кыйла кеңейтүүгө жана карта инфраструктурасына болгон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.

«Биз кардарларыбыз үчүн дүйнөлүк каржы чечимдерин мүмкүн болушунча ыңгайлуу санарип форматта ишке киргизүүгө умтулуудабыз. Visa Direct to Account сервисинин түздөн-түз BAKAI тиркемесинде ишке кириши - эл аралык которууларды жана банктын санарип экосистемасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам», - деп белгилешти BAKAIда.

Жакынкы убакта Visa Direct to Account кызматы BAKAI Business кардарлары - юридикалык жактар жана ишкерлер үчүн да жеткиликтүү болот. Бул бизнеске эл аралык которууларды BAKAIдын санарип сервистери аркылуу кеңсеге барбастан, тез жана онлайн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Visa’дан алынган сыйлык BAKAIдын санарип каржы сервистери жана трансчегаралык төлөм чечимдери багытындагы лидерлигинин дагы бир ырастоосу болду. BAKAI мындан ары да эл аралык которуулар багытын өнүктүрүп, кардарлар үчүн өлкөлөрдүн, валюталардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн тизмесин кеңейтүүнү улантат.

Маанилүү: Материал жарнама катары жарыяланган.
Мазмун толугу менен кардар тарабынан түзүлгөн жана Banks.kg редакциясынын пикирин чагылдырбашы мүмкүн. Маалыматтар маалыматтык максатта гана берилет. Жарнамалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жарнама берүүчүлөр гана жооптуу.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.