Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

BAKAI май айына 5% кешбэк кайтарууну баштады! Эми эс алуу жана мейманканалар пайдалуу шартта болмокчу

BAKAI май айына карата Visa жана Элкарт+ карталарынын ээлери үчүн 5% кешбэк акциясын сунуштоодо. Акциянын алкагында кардарлар көңүл ачуу жана саякат категорияларындагы сатып алуулар үчүн, тактап айтканда кино жана театрларга билет алуудан тартып, мейманканалар менен курортторго чейин төлөнгөн акчанын бир бөлүгүн кайтарып ала алышат.

BAKAI май айына 5% кешбэк кайтарууну баштады! Эми эс алуу жана мейманканалар пайдалуу шартта болмокчу

Акция адатта жылуу мезгилде суроо-талап өсө турган чыгымдардын популярдуу багыттарын камтыйт. Кешбэк кинотеатрларда, аттракциондордо, театрларда, цирктерде жана башка көңүл ачуу жайларында, ошондой эле мейманканаларда жана отелдерде төлөм жасаганда эсептелет. Бул тизмеге Кыргызстандагы эл аралык мейманкана тармактары да кирет.

BAKAI’дын Visa жана Элкарт+ карталарынын ээлери төмөнкү категорияларга төлөгөндө, 5% өлчөмүндөгү кешбэкти нак акча түрүндө алышат:

  • кинотеатрлар, театрлар жана шоулар;
  • туристтик аттракциондор жана көңүл ачуу аянттары;
  • цирктер жана тематикалык парктар;
  • отелдер жана мейманканалар, анын ичинде Sheraton, Hyatt, Novotel, Royal Hotels жана башкалар.

Төлөмдөрдү Visa жана Элкарт+ карталары аркылуу жүргүзүү - банктын кардарлары үчүн акцияга катышууну максималдуу жеткиликтүү кылат.

«Биз кардарларыбызга ыңгайлуу каржылык кызматтарды гана эмес, күнүмдүк чыгымдардан да реалдуу пайда алуусуна шарт түзүүгө умтулуп келебиз. Май айындагы кешбэк - бул көбүрөөк эс алып, ошол эле учурда бонус алуу мүмкүнчүлүгү»,- деп белгилешти BAKAI өкүлчүлүгү.

Бул кешбэк кардарлардын тажрыйбасын өнүктүрүү жана банктык экосистеманын ичинде кошумча артыкчылыктарды түзүүчү BAKAI’дын стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Толук шарттар bakai.kg сайтында жана BAKAI мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

Маанилүү: Материал жарнама катары жарыяланган.
Мазмун толугу менен кардар тарабынан түзүлгөн жана Banks.kg редакциясынын пикирин чагылдырбашы мүмкүн. Маалыматтар маалыматтык максатта гана берилет. Жарнамалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жарнама берүүчүлөр гана жооптуу.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.