Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

BAKAI × Яндекс Go × Visa: Zeekr 007 электромобили тапшырылды - масштабдуу акция жыйынтыкталды

BAKAI Яндекс Go жана Visa менен биргеликте масштабдуу акциянын жыйынтыгын чыгарды. Утуш ээсине Zeekr 007 электробилинин тапшырылышы акциядагы негизги окуялардын бири болду. Жеңүүчү кампаниялардын жыйынтыктары боюнча аныкталып, автоунааны тапшыруу салтанаты 2026-жылдын 30-апрелинде өттү.

BAKAI × Яндекс Go × Visa: Zeekr 007 электромобили тапшырылды - масштабдуу акция жыйынтыкталды

Акция дээрлик 4 ай - 2025-жылдын 26-ноябрынан 2026-жылдын 12-мартына чейин өтүп, өлкө боюнча миңдеген катышуучуларды камтыды. Ага Бишкек, Кант, Военно-Антоновка, ошондой эле Ош, Манас жана Каракол шаарларындагы колдонуучулар катышты. 

Баш байге - Zeekr 007 электромобили Яндекс Go сервисинин «Тамак» бөлүмүндө 30 000‑ийгиликтүү буюртманы берип, ал үчүн Visa BAKAI картасы менен төлөм жүргүзгөн кардарга тапшырылды.

Бул учур ири акциянын кульминациясы болуп, күн сайынкы эле иш-аракеттерибиз чоң жеңиштерге жеткириши мүмкүн экенин тастыктады. Айта кетсек, акция баш байгеге автоунаа коюлганы үчүн эле масштабдуу болуп калган жок. Андан башка жүздөгөн байгелер коюлуп, өлкөнүн бардык аймактарынан жеңүүчүлөр болду. 

Белектердин арасында төмөнкүлөр бар:

  • Яндекс Станция Мини акылдуу колонкалары - Бишкек жана шаар четиндеги ар бир 7000-буюртмага, ал эми аймактарда ар бир 200-буюртмага берилди;
  • 5000 сомдук промокоддор - ар бир 5000-буюртма жана ар бир 100-буюртма үчүн;
  • 30 күндүк акысыз жеткирип берүүгө промокоддор - ар бир 3000 жана ар бир 75-буюртма үчүн берилди.

Акция жүрүп жаткан учурда кардарлар Яндекс Go сервисинде Такси жана Тамак жеткирүү кызматтары үчүн кошумча 30%га чейин арзандатууларга ээ болушту, бул акцияга катышуунун пайдасын дагы да арттырды.

Ошентип акция көптөгөн колдонуучуларга жеңүүчү болууга, чыныгы бонустарга ээ болууга мүмкүнчүлүк жаратып, борбор шаарда гана эмес, аймактарда да жайылды.

Долбоордун кульминациясы - автоунаа тапшыруу аземи болду. Жеңүүчүгө эң заманбап жана технологиялык автомашина, ыңгайлуулук менен инновациянын жаңы деңгээлинин символу болгон Zeekr 007 электромобилинин ачкычы ыйгарылды.

«Биз күндө жасап көнүп калган иш-аракеттерибиз ыңгайлуулук гана эмес, чыныгы утуштарды алып келерин көрсөткүбүз келди. Миңдеген катышуучу, жүздөгөн жеңүүчү жана өз ээсин тапкан баш байге - мунун баары, тагыраагы, акциянын жыйынтыгы бул нерсени тастыктады», - дешти BAKAI'дан.

BAKAI, Яндекс Go жана Visa'нын биргеликтеги кампаниясы технология, каржы жана күнүмдүк сервистерди бириктирип, рыноктогу эң масштабдуу акцияга айланды. Банк кардарлар үчүн дагы да көп мүмкүнчүлүктөрдү, эсте калган жагымдуу таасирлерди жаратуу менен мындай демилгелерди өнүктүрүүнү/

Маанилүү: Материал жарнама катары жарыяланган.
Мазмун толугу менен кардар тарабынан түзүлгөн жана Banks.kg редакциясынын пикирин чагылдырбашы мүмкүн. Маалыматтар маалыматтык максатта гана берилет. Жарнамалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жарнама берүүчүлөр гана жооптуу.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.