2026-жылдын 14-октябрынан тартып ата-энелер «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөк пулун «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу тариздей алышат.
Эмгек министрлигинен билдиришкендей, эми арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборуна баруунун зарылдыгы жок - бардык аракеттерди смартфон аркылуу аткарууга болот.
Жаңы электрондук кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна (СКБТ) тиешелүү модулду киргизүүнүн алкагында ишке киргизилди. Наристенин төрөлгөндүгү тийиштүү мекемелерде катталгандан кийин ата-энелер санариптик кызматты колдонуп, жөлөк пул алуу үчүн аралыктан арыз бере алышат.
Электрондук кызматтын ишке киргизилиши төлөмдөрдү тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, административдик тоскоолдуктарды кыскартууга жана жаңы төрөлгөн балдары бар үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик колдоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Ошол эле учурда жөлөк пулду Калкты тейлөө борборлору аркылуу тариздөөнүн мурдагы тартиби сакталат. Жарандар кызмат алуунун өздөрүнө ыңгайлуу жолун өз алдынча тандай алышат.
«Балага сүйүнчү» ар бир жаңы төрөлгөн балага 4 000 сом өлчөмүндө төлөнөт. Ошондой эле бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага 50 000 сомдон төлөнөт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.