Орусия банкы негизги ченди жылдык 18%га чейин төмөндөттү

Директорлор кеңешинин жыйынынын натыйжасында Орусия банкы негизги ченди 2 пайыздык пунктка, жылдык 18%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды.

Орусия банкы негизги ченди жылдык 18%га чейин төмөндөттү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу аталган банктын расмий билдирүүсүндө айтылат.

Дээрлик үч жылдын ичинде биринчи жолу Борбордук банк 2025-жылдын июнь айында акча-кредит саясатын жеңилдетип, пайыздык ченди рекорддук 21%дан 20%га түшүргөн. Тарыхый максимум жети айдан ашык убакытка, 2024-жылдын октябрынан баштап сакталды.

«2025-жылдын 25-июлунда Орусия банкынын директорлор кеңеши негизги ченди жылдык 18%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды», - деп жазылат маалыматта.

Мындай чечим көпчүлүк эксперттер тарабынан алдын-ала  күтүлгөн, алар чен 18%га чейин төмөндөйт деп божомолдошкон.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.