Банктык жана интернет алдамчылар күчөп жатат: депутаттар үзгүлтүксүз отчетторду талап кылышууда

Банк тармагында жана интернет желесинде алдамчылык фактылары эң тез өсүп жаткан коркунучтардын бири бойдон калууда. Жогорку Кеңеште мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин көзөмөлдөөнү күчөтүү чечими кабыл алынды.

Банктык жана интернет алдамчылар күчөп жатат: депутаттар үзгүлтүксүз отчетторду талап кылышууда
Иллюстрациялык сүрөт

Парламенттин 12-марттагы жыйынында депутаттар «Банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» КРнын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы тууралуу маселени карашты.

Токтомдун демилгечиси, депутат Медербек Алиев укук коргоо органдарына берилген тапшырмаларга учкай токтолду. 

Анын айтымында, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага жана Улуттук банкка ар квартал сайын Жогорку Кеңешке тиешелүү маалымат берип туруу милдеттендирилген.

Депутат белгилегендей, айрыкча акыркы мезгилде банк тармагына байланышкан жаңы кылмыш түрлөрү көбөйүп, миңдеген жарандар олуттуу материалдык чыгымдарга учурап жатышат.

«Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш жаңы алдамчылык ыкмаларына каршы күрөшүү механизмдерин иштеп чыгып, бул багытта системалуу талдоо жүргүзүү боюнча токтом кабыл алган», – деди Медербек Алиев.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар токтом долбоорун колдошту.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.