Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Такси айдоочуларына лицензия берүү ишине банктар да кошулду

Мындан ары такси айдоочулары лицензияны банк тиркемелеринен кезексиз жана убарасыз алууга болот. 1-июлдан тарта лицензиясы жок иштеген айдоочуларга айып пул салына баштайт.

Такси айдоочуларына лицензия берүү ишине банктар да кошулду
Сүрөт: ИИМ

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды MBANK, Eldik жана «Түндүк» мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн тапшыра алышат.

Бул кызматты киргизүү ташуучунун ишин мыйзамдаштыруу процессин бир топ эле жөнөкөйлөтөт. Буга чейин документтерди тариздөө үчүн мамлекеттик органдарга жеке баруу, кагаз түрүндөгү документтерди чогултуу жана кошумча убакыт талап кылынчу. Азыр көпчүлүк процедуралар электрондук форматка өтүп, бюрократиялык тоскоолдуктар кыскарып, уруксат кагаздарын алуу тездетилди.

Мамлекеттик кызматтар үчүн банктык тиркемелерди колдонуу барган сайын кеңири жайылууда. Мобилдик банкингди кеңири колдонуунун арты менен  жарандар финансылык операцияларга гана эмес, ар кандай мамлекеттик кызматтарга да мүмкүнчүлүк алышат. Бул бир нече кызматтарды бирдиктүү санариптик мейкиндикте бириктирүүгө мүмкүндүк берип, аларды коомчулук үчүн жеткиликтүү кылат.

Лицензия алуу үчүн тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп жана керектүү документтерди жүктөө жетиштүү. Лицензия берилгенден кийин анын маалыматтары мобилдик тиркемеде санариптик форматта жеткиликтүү болот.

ИИМ эскерткендей, 2026-жылдын 1-июлунан тартып лицензиясы жок жүргүнчү ташыган жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Министрлик бардык жүргүнчү ташуучуларды лицензияларын өз убагында алып, мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Электрондук системанын ишке кириши жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда ачык-айкындуулукту арттырып, мыйзамсыз операторлордун санын азайтып, айдоочулар үчүн да, жүргүнчүлөр үчүн дагы коопсуз шарттарды түзөрү күтүлүүдө. Андан тышкары, өкмөт рынокто иштеп жаткан компаниялар жана жеке ташуучулар жөнүндө көбүрөөк маалымат ала алат, бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жеңилдетет.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.